00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
18:51
9 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Что видят наблюдатели СНГ на выборах в КР и как оценивают прогресс технологий
08:05
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Көмүскө экономикага — жол жок! Президент салык чөйрөсүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизди
09:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
100 лет КНУ: как главный вуз страны меняется и вдохновляет - разговор с ректором
10:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Ресторандар үчүн фискалдык программалык камсыздоо деген эмне — Салык кызматы пилоттук долбоорду ишке киргизди
11:04
27 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Финансыны туура башкаруу канчалык маанилүү?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Между возможностями и тревогами: ЕАЭС и китайский фактор
12:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
600 үгүтчү алган талапкерлер бар – ЖК шайлоосунун үгүт өнөктүгү кандай жүрүүдө?
13:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Никени каттоо боюнча жаңы жагдайлар жана жарандардын кайрылуусу
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Студенческий клуб «Беркут» при КРСУ: взгляд в прошлое, который меняет будущее
16:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Мыкты окуп президенттен сыйлык алган Рахима Кубатбекова
17:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
ЕАЭС вводит электронные пломбы: что это значит для перевозчиков
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Ишкерликте кадр маселеси мааниүүлүбү?
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Никени каттоо боюнча жаңы жагдайлар жана жарандардын кайрылуусу
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Сүйүнбек Касмамбетов "Россия калк ассамблеясынын" өкүлдөрү менен жолукту

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов. Архив
Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2023
Жазылуу
Тараптар Бишкекте өтүп жаткан конференция улуттар аралык мамилелердин ортосундагы байланыштарды активдештирүүгө өбөлгө түзөрүн белгилешти.
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн "Россия элдеринин ассамблеясы" жана "Евразия элдеринин ассамблеясы" эл аралык бирикмесинин өкүлдөрү менен жолугушту. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.
Иш-чарада мамлекеттер жана улуттар ортосундагы өз ара достуккка жана ишенимге негизделген элдик дипломатиялык байланыштарды чыңдоо маселелери талкууланган. Ошондой эле тараптар жалпы россиялык коомдук уюм "Россия калк ассамблеясы" тарабынан демилгеленип, Бишкек шаарында өткөрүлүп жаткан "Россиялыктардын жана кыргызстандыктардын өз ара мамилесин өнүктүрүүдө элдик дипломатиянын ролу" аттуу конференцияда каралган маселелер боюнча пикир алмашышкан.
Касмамбетов өлкөдө улуттар аралык мамилелер чөйрөсүндө мамлекеттик саясат ырааттуу жолго салынганын, бул багытта Кыргызстан калкынын ассамблеясынын ишмердүүлүгүнүн мааниси чоң экендигин баса белгиледи.
"Ассамблея 1994-жылы Кыргызстан элдеринин жалпы улуттук курултайында түзүлгөн, анын курамына өлкөдөгү 29 этникалык коомдук уюмдар кирет. Кыргызстан калкынын ассамблеясы түзүлгөндөн тартып улуттар ортосундагы ынтымакты, биримдикти жана интеграцияны бекемдөөгө багытталган бир топ иштер жүргүзүлдү. Улуттар аралык мамилелерди бекемдөө иши билим берүү, маданий жана башка демилгелерди ишке ашыруу аркылуу мындан ары дагы улантылат. Алардын бири — 2021-2026-жылдарга "Кыргыз жараны" жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүү концепциясы болуп саналат", — деди мамлекеттик катчы.
Өз кезегинде Россия калк ассамблея кеңешинин төрагасы, башкы катчынын биринчи орун басары — Евразия элдеринин ассамблеясынын башкы катчылыгынын жетекчиси, Россия президентине караштуу этностор аралык мамилелер боюнча кеңештин мүчөсү Светлана Смирнова кыргызстандык кесиптештеринин жылуу кабыл алуусуна ыраазычылык билдирди.
Ал Бишкекте өтүп жаткан конференциянын улуттар аралык мамилелердин ортосундагы байланыштарды активдештирүүгө өбөлгө түзөрүн баса белгиледи.
"Элдик дипломатиянын тилин колдонуу, улуттук каада-салттарга таянуу менен өз ара түшүнүшүү көпүрөлөрүн куруу оңой. Жарандык коомдун жана маданияттардын ар тараптуу өз ара байланышы дипломатиялык мамилелердин жана элдердин ортосундагы достуктун негизин түзөт", — деди Смирнова.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Евразиялык жаштар формунунун ишин жандандыруу, тоо экосистемасын сактоого багытталган эл аралык иш-чараларды биргелешип өткөрүү боюнча сунуштарды ортого салышкан.
Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2023
Кыргыздын идеологиясы Манасында, улуттук наркында. Мамкатчы Касмамбетовдун маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0