ТИМ: Кытай СССРдин мурдагы өлкөлөрүнүн баарынын суверендүүлүгүн урматтайт

© AFP / MARK RALSTON Кытайдын желеги. Архив
Кытайдын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2023
Жазылуу
Кытайдын Франциядагы элчиси Лу Шае маегинде мурдагы СССРге кирген өлкөлөрдүн суверенитети боюнча шектене турганын белгилеген. Дипломат "алар азыр эл аралык аренада статуска ээ эмес, себеби суверендүү өлкө катары конкреттештире турган эл аралык макулдашуулары жок" деген.
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Кытай мурдагы СССРдин курамына кирген бардык өлкөнүн суверенитетин урматтай турганын Кытай ТИМинин расмий өкүлү Мао Нин дүйшөмбүдө болгон брифингде айтканын РИА Новости жазды.
Буга чейин Кытайдын Франциядагы элчиси Лу Шае LCI телеканалына берген маегинде "Крым башынан эле Россияныкы болгондугун, кийин эле Никита Хрущев Украинага белек кылып койгонун" айткан. Ал америкалыктардын Украинадагы чатактын аякташына кызыкдар эместигин белгилеген. Элчи мурдагы СССР өлкөлөрүнүн суверенитети боюнча шектене турганын белгилеген. "Азыр алар эл аралык аренада статуска ээ эмес, себеби суверендүү өлкө катары конкреттештире турган эл аралык макулдашуулары жок" деген. Кытайдын Франциядагы элчилиги маектен бир аз убакыт өткөн соң мурдагы СССРдин курамында болгон республикалардын эгемендүүлүгүнө шек жараткан маектин стенограммасын алып салган.
Monde гезити Европарламенттин 80ге чукул мүчөсү Франция ТИМинин башчысы Катрин Колоннага Кытайдын Париждеги элчиси Лу Шаени "СССРдин мурдагы мамлекеттеринин эгемендүүлүгүн танганы үчүн" персона нон-грата деп жарыялоого чакырганын жазды.
Мао Нин Кытай бардык мамлекеттердин көз карандысыздыгын, эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн сыйлай тургандыгын жана Бириккен Улуттар Уюмунун максатын, принциптерин колдоорун белгилеген.
"СССР урагандан соң Кытай тиешелүү мамлекеттер менен дипломатиялык мамиле курган алгачкы өлкөлөрдөн болгон. Дипломатиялык алаканы орноткондон кийин Кытай эки тараптын кызматташуусун жана достугун өнүктүрүү үчүн өз ара урматтоо жана теңдик принциптерин кармаган. Кытай мурдагы СССРге кирген өлкөлөрдүн бардыгынын суверенитетин урматтайт", — деген дипломат Мао Нин.
Ал бир катар ЖМКлар Кытайдын Украина боюнча позициясын туура эмес интерпретация кылып, Кытай жана тиешелүү болгон бир катар мамлекеттердин ортосунда араздашуу отун жагып жаткандыгын белгилеген. Дипломат Кытай украиналык кризисти саясий жактан жөнгө салуу үчүн эл аралык коомчулук менен иш алып барууга даяр экендигин айткан.

Крымдын кыскача таржымалы

Крым облусу 1954-жылдын 19-февралында СССРдин Жогорку Советинин президиуму аймакты Украинага берүү үчүн чечим чыгарганга чейин РСФСРдин курамында болуп келген. Бул жарлыкка Украинада бир топ убакыт иштеп калган, кийин советтик лидер болгон Никита Хрущев демилгечи болгон деп эсептелет.
Ал эми СССР ураган соң Крым Украинанын курамында кала берген.
2014-жылы мартта Украинадагы мамлекеттик төңкөрүштөн кийинки жалпы элдик добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Крым россиялык аймак болуп калган. 2014-жылдагы тарыхый бул референдумда Крымдагы шайлоочулардын 96,77 пайызы жана севастополдуктардын 95,6 пайызы Россия Федерациясына кошулууга макулдугун билдиришкен.
Украина Крымды мурдагысындай эле өзүнүн аймагы катары санап, убактылуу басып алынган деп эсептейт. Батыштын көп мамлекеттери бул маселеде Киевди колдойт. РФ жетекчилиги Крымдын жашоочулары демократиялык жол менен, эл аралык укуктардын негизинде жана БУУнун Уставына ылайык Россияга кошулууну тандап алгандыгын билдирип келет. Россия лидери Владимир Путиндин айтымында, Крым маселеси "таптакыр жабылган".
Кытайдын Россиядагы элчиси Чжан Ханьхуэй. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.04.2023
Кытай Украина боюнча Батыштын көрсөтмөсүнө катуу жооп кайтарды
Жаңылыктар түрмөгү
0