Бишкекте таштанды ташыган айдоочулардын маянасы 80 миң сомго чейин көбөйдү

© пресс-служба мэрии города Бишкек"Тазалык" муниципалдык ишканасынын унаалары. Архив
Тазалык муниципалдык ишканасынын унаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.04.2023
Жазылуу
Стимул берүү максатында эмгек акысын жасаган ишине карап төлөө системасы колдонулууда.
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Бишкекте "Тазалык" муниципалдык ишканасынын таштанды ташыган айдоочуларынын маянасы 80 миң сомго чейин жогорулады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Айдоочуларга стимул берүү максатында эмгек акысын жасаган ишине карап төлөө системасы колдонулган.
"Мындан ары кээ бир таштанды ташуучу айдоочулар айына 80 миң сомдон жогору маяна алышат. Жогорулаганга чейин колуна 30-35 миң сом тийип турган. Эми айдоочулардын эмгек акысы ташыган таштандысына карап эсептелет. Бир тонна үчүн 125 сом төлөнөт", — деп жазылат маалыматта.
Мэрия буга чейин "Тазалыктын" кызматкерлеринин маянасы да 70 пайызга көбөйтүлгөнүн эске салды.
Салык инспектору. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2023
Салыкчылардын эң төмөнкү айлыгы 30 миң сом. Депутат муну аз деп эсептейт
Жаңылыктар түрмөгү
0