19-апрелге карата аба ырайы

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкектеги революциянын катышуучуларын скверинде отурган кыз. Архив
Бишкектеги революциянын катышуучуларын скверинде отурган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.04.2023
Жазылуу
19-апрелге караган түнү Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Таласта үшүк жүрөт. Өлкөнүн айрым аймактарында жаан, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Шаршембиде күндүз республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +10...+15, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +16...+21, Талас жергесинде +8...+13, ал эми Ысык-Көл чөлкөмүндө +6...+11, Нарын жергесинде +7...+12 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +12...+14, Ош калаасында +17...+19 градуска жетет.
Суу өчүрүү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.04.2023
Бишкектин батыш тарабында жана кээ бир айылдарда 20-апрель күнү суу өчөт
Жаңылыктар түрмөгү
0