Жер тилкелерин саткан. УКМК Сузак айыл өкмөтүнүн экс-башчысын кармады

© AFP / THOMAS FREYКишенчен адам. Архив
Кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.04.2023
Жазылуу
Жүргүзүлгөн баалоо экспертизасынын жыйынтыгында мыйзамсыз берилген жер тилкелеринин баасы 93 миллион сом экени аныкталды.
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Сузак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы С.А.Н. кармалып, камакка алынды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, тергөөнүн жүрүшүндө С.А.Н. кол алдындагы кызматкерлери, Сузак райондук Кадастр жана архитектура башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери менен биргеликте кылмыштуу иш жүргүзгөнү аныкталган. Тагыраагы, алар жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп берүү боюнча коррупциялык схеманын уюштуруучусу болгону айтылды.
"Сузак районунун Сузак, Каркыра-Мисте жана Благовещенка айылдарынын калкка кезексиз жана акысыз берилчү 100 бирдиктен ашык жер тилкеси С.А.Н. буйругу менен жашоочуларга жасалма документтердин негизинде сатылган. Ар бир участок 100 миң сомдон 200 миң сомго чейин бааланган. Кийин жер тилкелерине жасалма документтер ыйгарылып, райондук архитектура органдары тарабынан курулушка уруксат берилген", — деп айтылат маалыматта.
Жүргүзүлгөн баалоо экспертизасынын жыйынтыгында мыйзамсыз берилген жер тилкелеринин баасы 93 857 700 сом экени аныкталды. Учурда прокуратура органдары менен биргеликте жер тилкелерин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балансына кайтаруу чаралары көрүлүүдө.
Буга чейин Сузак айыл өкмөтүнүн, Сузак райондук Кадастр жана архитектура башкармалыгынын 9 кызматкери жогоруда аталган ишке катышкандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан жер тилкелери боюнча ушул сыяктуу жаңы жагдайларды аныктоо боюнча облустун аймагында тергөө амалдары уланууда.
Курулуш иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.04.2023
Бишкекте көп кабаттуу үйдүн курулушуна уруксатты мыйзамсыз бергендер аныкталды
Жаңылыктар түрмөгү
0