Билим берүү министрлиги республика боюнча мектеп директорлугуна сынак жарыялады

© Sputnik / Табылды КадырбековПортфельчен адамдар. Архив
Портфельчен адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2023
Жазылуу
Билим берүү уюмдарынын аталыштарын министрликтин сайтынан алууга болот.
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги республикадагы мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына сынак жарыялады.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 2, Чүй облусунда – 23, Ош облусунда – 54, Ысык-Көл облусунда – 8, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 3, Баткен облусунда – 25, Жалал-Абад облусунда 56 жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундары бар.
Конкурска катышууну каалаган талапкер үстүбүздөгү жылдын 24-апрелине чейин төмөнкү документтерди тапшыруусу керек:
белгиленген формадагы жазуу түрүндөгү жеке арыз;
сүрөт (3×4 см);
паспорттун көчүрмөсү;
жогорку педагогикалык билими тууралуу дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн, тиркемеси менен);
эмгек китепче (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдугу;
соттолбогондугу жөнүндө маалым кат;
психикалык ооруларынын жана наркологиялык диспансерлерде каттоосу жоктугу жөнүндө маалым кат.
Документтерди министрликтин расмий сайтында көрсөтүлгөн электрондук даректерге жөнөтүү керек.
Акча санап жаткан офис кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2023
Апрель айынан тарта мектеп директорлорунун маянасы 50%га жогорулайт
Жаңылыктар түрмөгү
0