Сүйүнчү! Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатынан алтын медаль утту

© Фото / United World Wrestling / Kadir CАйсулуу Тыныбекова Астанада өтүп жаткан Азия чемпионатында алтын медаль утту
Айсулуу Тыныбекова Астанада өтүп жаткан Азия чемпионатында алтын медаль утту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.04.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Айсулуу Тыныбекова Астанада өтүп жаткан Азия чемпионатында алтын медаль утту.
Ал 62 килограммга чейинки салмак категориясында беттешип, монголиялык Оркхон Пуревдоржду 9:4 эсеби менен жеңип алды.
Тыныбекова чейрек финалда өзбекстандык каршылашын 13 секундда далысын жерге тийгизип утса, жарым финалда япониялык Ноноки Озакини жеңген.
Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2023
Азия чемпионатында Айпери күмүш, Калмира коло утту. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0