Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

The Washington Post: тездетилген мобилизациядан улам Украинада дүрбөлөң башталды

© AFP / YASUYOSHI CHIBAАртемивскидеги украиналык аскер кызматкерлери
Артемивскидеги украиналык аскер кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2023
Жазылуу
Киев бийлиги согуштук абалдын мөөнөтүн жана жалпы мобилизацияны 18-майга чейин узартты.
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Украинада мобилизациянын тездетилишинен улам өлкө ичинде дүрбөлөң башталды. Бул туурасында РИА Новости The Washington Post басылмасына таянып билдирди.
"Украиналык аткаминерлердин агрессиялуу түрдө аскердик комиссариатка тез арада келүүнү, андан сырткары, өз ыктыяры менен жазылуу боюнча жасаган чакырыгы согушка даяр эместердин же барууну каалабагандарды чуу түшүрдү", — деп айтылган материалда.
Басылманын маалыматына караганда, Киевге көп аскер тез арада керек. Макалада Украина тарап согуш талаасындагы жоготууларынын санын жашырганы менен командирлери анын көп болуп жатканын айтканы белгиленген.
Украиналык ЖМКлар аскерге чакырылчулар боюнча рейддер уюштуруларын, кишилерди Тез жардам автоунаалары менен аскерлерди кабыл ала турган жерлерге жеткиришерин, согушка чакыруу коммуналдык кызматтар аркылуу таратылып жатканын жазып келишет. Бийлик кишилер үйүнө барган аскер комиссариатынын кызматкерлери менен сүйлөшкүсү келбегендиктен документтер эл көп чогулган жерлерде тапшырылып жатат деп түшүндүрдү.
Жергиликтүү басылмалар украиналыктар аскерге чакыруу кагазы келет деп коркуп, расмий түрдө жумушка орношкондон качып жатканын жазышкан.
Согуштук абал учурунда Украинадан 18ден 60 жашка чейинки эркектердин чыгып кетишине тыюу салынган. Жогорку Рада согуштук абалдын мөөнөтүн жана жалпы мобилизацияны 18-майга чейин узартты. Бул мезгил ичинде аскердик кызматтан качып баш тарткандарга беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.
Түрмөнүн дубалы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Одессада Россия менен согушууну каалабагандардын концлагери уюштурулду
Жаңылыктар түрмөгү
0