Кыргызстандык балбан Роман Ким Азия чемпионатында коло алды

© Sputnik / Владимир ПесняБалбандар күрөш учурунда. Архив
Балбандар күрөш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.04.2023
Жазылуу
Ата мекендик спортчу континенталдык биринчиликте үч кармаш өткөрдү.
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Кыргызстандык грек-рим күрөшү боюнча балбан Роман Ким Азия чемпионатында коло байгеге ээ болду.
Спорттук күрөш боюнча континенталдык биринчилик Астанада өтүп жатат.
Ким оор салмактагылар (130 килограмм) арасында үч беттеш өткөрдү. Биринчисинде 8:0 эсебинде япониялык каршылашын жеңип алса, экинчисинде ирандык спортчуга жеңилип калды (0:9). Коло медаль үчүн кармашта Роман өзбекстандык Темурбек Насимовду 10:1 эсеби менен утуп алган. Кыргызстандыкты уткан ирандык спортчу биринчи орунду алды.
Эске салсак, кечээ Акжол Махмудов үчүнчү ирет грек-рим күрөшү боюнча Азиянын чемпиону болду.
Бокс мээлейчен кыз. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2023
Кыргызстандык мушкер кыз россиялык атаандашын биринчи раундда жеңип алды
Жаңылыктар түрмөгү
0