Кремлдин сахнасында ырдаган кыргызстандык жаш ырчы. Видео

© Фото / пресс-служба Русского дома в БишкекеКыргызстандык жаш ырчы Анастасия Гриб Кремлдин сахнасында
Кыргызстандык жаш ырчы Анастасия Гриб Кремлдин сахнасында  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.04.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Кыргызстандык жаш ырчы Анастасия Гриб Кремлдин сахнасында ырдагандыгын “Русский дом” билдирди.
9-апрелде Мамлекеттик Кремль сарайында “Россия менен дүйнөнүн жаш таланттары” деп аталган гала-концерт болду. Анда 2022-жылы Бишкекте өткөн "Надежда романсиады" деп аталган вокалдык музыка боюнча балдардын эл аралык сынагынын жеңүүчүлөрү өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Кара-балталык 12 жаштагы Анастасия Гриб балдардын музыкалык мектебинде билим алат. “Орто Азия романсиадасы” сынагынын жеңүүчүсү. Кыз Кремлдин сахнасында "Гляжу в озера синие" чыгармасын аткарды.
Концерттин уюштуруучусу жана алып баруучусу — Россиянын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, Россиянын эмгек сиңирген артисти Галина Преображенская.
Эл кол чаап, сүрөп турду. Россиялыктар кыргыз ырын аткарган видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2023
Эл кол чаап, сүрөп турду. Россиялыктар кыргыз ырын аткарган видео
Жаңылыктар түрмөгү
0