Жаанчыл болобу? Кыргызстандагы бир аптага карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековДождь в Бишкеке
Дождь в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2023
Жазылуу
Өлкөдө аба ырайы аптанын ортосуна чейин жаанчыл болору айтылды.
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги бул жумада Кыргызстанда аба ырайы кандай болору туурасында маалымат таратты.
Ага ылайык, борбор калаада 9-11-апрелде жаан жаап, күн күркүрөйт. Ал эми 12-апрелден 15-апрелге чейин ачык болот.

Чүй облусу

9-апрелде күндүз жана 10-апрелде түнкүсүн айрым жерлерде жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.
10-апрелде күндүз жана 11-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
12-14-апрель күндөрү жаан-чачын болбойт. Бирок 15-апрелде күндүз айрым жерлерде жамгыр жаашы ыктымал.
9-11-апрель күндөрү батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши болжолдонууда.

Талас облусу

9-апрелде күн ачык болот, 10-11-апрелде мезгил-мезгили менен жаан жаайт. 12-апрелде кайрадан күн ачылып, 15-апрелге чейин аба ырайы өзгөрбөйт.

Ош жана Жалал-Абад облустары

9-апрелде түнкүсүн көпчүлүк, күндүз айрым жерлерде жаан жаап, тоолорго кар түшөт.
10-11-апрелде айрым аймактарга жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 12-апрелде түнкүсүн тоо этектеринде жамгыр жаайт.
13-14-апрелде күндүн көзү бузулбайт, бирок 15-апрелде айрым жерлерде жамгыр жаайт.
Жума ичинде абанын эң жогорку температурасы 26 градуска чейин көтөрүлөт.

Баткен облусу

9-апрелде жаан-чачын болбойт, бирок 10-апрелде көпчүлүк аймактарда жамгыр жаай турганы айтылды. 11-апрелде кайрадан күн ачылат.
12-апрелде тоолуу райондордо гана жаан жаап, дыйканчылык аймактарда асман ачык турат.
13-14-апрелде да күндүн көзү бузулбайт. Деген менен 15-апрелде күндүз айрым жерлерде жаан жаайт.

Ысык-Көл облусу

9-апрелде көпчүлүк аймактарда, 10-апрелде айрым жерлерде жаан жаап, бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Ушундай эле аба ырайы 11-12-апрелде дагы күтүлөт. 13-апрелде гана күндүн көзү ачылып, 15-апрелге чейин асман ачык турат.
Жума ичинде күндүн табы 23 градуска чейин көтөрүлөт.

Нарын облусу

9-апрелде айрым жерлерде, 10-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. 11-апрелде жамгыр катуу жаашы күтүлөт. 12-апрелде да кээ бир аймактарда жаан жаайт. 13-15-апрелде күн ачык болот.
Бензин жана дизель сатуучу жай. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2023
Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын баасы арзандады
Жаңылыктар түрмөгү
0