16-апрелге чейинки Нарындагы аба ырайы

© Sputnik / Михаил ДудинНарын шаары. Архив
Нарын шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2023
Жазылуу
Аптанын айрым күндөрү ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен шамал болуп турат.
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Нарын облусунда алдыдагы аптада чаан-чачындуу күндөр көбүрөөк болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттиги билдирди.
Мисалы, 10-11-апрелде көпчүлүк аймактарга жамгыр жаап, бийик тоолуу райондорго кар түшөт.
12-13-апрелде дагы айрым жерлерге жаан жаап, күн күркүрөйт.
Ал эми 14-15-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт.
16-апрелде кайрадан көпчүлүк аймактарда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.
Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 10-11-12-14-апрелде айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Ысык-Көл. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2023
Ысык-Көлдө күн жылыйбы? Бир аптага карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0