Электрондук кызмат мамлекеттик порталына 20 кызмат киргизилди. Тизме

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш ЖусубалиевЭлектрондук кызмат мамлекеттик порталы. Архив
Электрондук кызмат мамлекеттик порталы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.04.2023
Жазылуу
Билдирүү берилген соң анын макамын текшерип турууга болот.
БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги электрондук кызматтар мамлекеттик порталына (portal.tunduk.kg) тесттик режимде 20 кызмат жайгаштырылганын эскертти.
Онлайн түрдө төмөнкү кызматтарга билдирме берсе болот:
"балага сүйүнчү" акчасы;
үй-бүлө багуучусунан айрылган учурда балдарга ай сайын берилүүчү социалдык жөлөк пул;
майыптыгы бар чоң адамдар жана балдарга ай сайын төлөнүүчү социалдык жөлөк пул;
кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул;
ритуалдык жөлөк пул (сөөктү жерге берүүгө);
бала асыроочу болуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө келишим;
майыптар үчүн отургуч-коляска алууга жана башка кызматтарга билдирме.
"Төлөм, жөлөк пул жана майыптыгы боюнча аныктамаларга берилген билдирмелер каралгандыгын, кайсы процессте тургандыгын портал аркылуу текшерип турса болот", — деп айтылат маалыматта.
Главный специалист Департамента соцобеспечения Министерства труда и соцразвития Нуржан Алапаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2023
Радио
Алапаева: жөлөк пул алуу үчүн документ чогултуу дагы жеңилдеди
Жаңылыктар түрмөгү
0