Кыргызстандыктар эми гепатиттин В жана С түрүнөн бекер дарылана алышат

© Sputnik / Медиабанкка өтүүДарыгер бейтапты кабыл алуу учурунда. Архив
Дарыгер бейтапты кабыл алуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.04.2023
Жазылуу
Илдетти дарылоо үчүн бейтаптар жашаган жери боюнча дарыгерлерге кайрылуусу керек.
БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Кыргызстанда гепатиттин вирустук В жана С түрлөрүн акысыз диагностикалоо жана дарылоо кызматтары ачылганын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору билдирди.
Дарттын алгачкы диагностикасы боюнча кызмат көрсөтүүлөр жашаган жери боюнча үй-бүлөлүк медицина борборундагы дарыгердин жолдомосу менен бардык кыргызстандыктар үчүн жеткиликтүү болот. Оору аныкталса кошумча текшерүү жалпы практикалык борборлордо же үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда жүргүзүлөт.
Кан аркылуу жугуучу вирустук гепатит жана ВИЧ-инфекциясын көзөмөлдөө борборлорунда (мурдагы СПИД борборлору) вирустук гепатитке анализ жүргүзүү үчүн кан алынбайт. Гепатиттин В жана С түрүн аныктоодо бардык анализдер үчүн кан жашаган жери боюнча гана алынат.
Ал эми бул илдет менен мурдатан жабыркаган бейтаптар жашаган жери боюнча үй-бүлөлүк медицина борборуна каттоого турушу керек. Ошондой эле бул дартты дарылоо үчүн ушул жерге катталуу зарыл.
Программанын биринчи этабында кызмат дарыланууга шашылыш түрдө муктаж болгон төмөндөгү кыргызстандыктарга берилет:
трансплантацияга көрсөтмөсү жок боордун фиброзу (циррозу) менен ооругандар;
боорду трансплантациялоодон кийин гепатиттин вирустук В же С түрү менен ооругандар;
вирустук гепатиттин В түрү менен ооруган кош бойлуу аялдар;
коштоочу оор илдети бар (онкологиялык оорулар, ВИЧ, 1 жана 2 типтеги кант диабети, бронх астмасы, шизофрения, органдарды трансплантациялоодон кийинки бейтаптар, өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги жана башкалар);
майыптар.
Калган категориядагы бейтаптар кезекке турат. Аларды дарылоо 2023-жылдын экинчи жарымында дары-дармек сатылып алынгандан кийин жүргүзүлмөкчү.
Гепатиттин аталган түрлөрүнөн дарылоо боюнча акысыз кызматтардын тизмесине төмөнкүлөр кирет:
дарыгерлердин консультациясы;
вируска каршы дары-дармек менен камсыз кылуу (дарыларды берүү дарыгердин көрсөтмөсү боюнча ай сайын жүргүзүлөт);
негизги клиникалык жана биохимиялык көрсөткүчтөр;
дартты үй-бүлөлүк медицина борборлорунда ИФА методу менен аныктоо;
ПЦР методу менен вирустук гепатит жана ВИЧке каршы күрөшүү борборлорунда аныктоо.
Мындан башка лабораториялык жана аспаптык изилдөөлөрдүн айрым түрлөрү (УЗИ, фиброскан, MРТ жана башка) бейтаптын эсебинен жүргүзүлөт.
Гепатиттин В жана С вирустук түрүн диагностикалоо жана дарылоо боюнча кызматтарды ВИЧке каршы күрөшүү боюнча республикалык, облустук жана Бишкектеги борборлор ишке ашырат.
Кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерге каршы күрөшүү жана ВИЧ инфекциясын көзөмөлдөө борборунун директору Үмүт Чокморова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.03.2023
Радио
Өлкөдө гепатитке каршы акысыз эмдөө жүрүп жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0