Мэрия: Москва көчөсү 5-апрелден тарта жабылат

© Sputnik / Табылды КадырбековЖол оңдоо белгиси. Архив
Жол оңдоо белгиси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.04.2023
Жазылуу
Мэрия келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, шаар тургундарынан каттамдарды алдын ала пландап алуусун суранган.
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Москва көчөсүнүн бир бөлүгү 5-апрелден тарта жабылат. Бул туурасында мэриядан кабарлашты.
“Бишкек суу канал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматы боюнча, 2023-жылдын 5-апрелинен тарта Москва көчөсүн жабуу пландалууда.
“Бул чаралар канализациялык коллектордун курулушуна байланыштуу кабыл алынган. Москва көчөсүнүн Фучиктен Асаналиев көчөсүнө чейинки бөлүгү автоунаа кыймылы үчүн жабылат”, — деп айтылат маалыматта.
Колун жууп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2023
Бишкектин чок ортосунда 6-апрель күнү суу өчөт
Жаңылыктар түрмөгү
0