Бишкекте Россиянын жогорку окуу жайларынын көргөзмөсү өтүүдө. Видео

Жазылуу
Бишкекте "Россиядан билим алуу" көргөзмөсү Республикалык балдар жана жаштар китепканасында өтүп жатат (Огонбаев көчөсү, 242).
Уюштуруучулар 10-11-класстардын окуучуларын, алардын ата-энелерин, болочок аспиранттар менен магистранттарды чакырат. Мындан тышкары, 5-апрелге чейин Бишкектен сынамык тестирлөөдөн өтүп, консультация алса болот. Бардык иш-чараларга кирүү акысыз. Көргөзмө 5-апрелге чейин созулуп, саат 10:00дөн 17:00гө чейин иштейт.
Россиядагы жогорку окуу жайларда кыргызстандыктар үчүн квоталар көбөйүүдө, бир нече жыл мурда 275 орунга квота берилсе, азыр 700гө жетти.
Тема боюнча:
Зульхарнеев: кыргызстандык окуучунун Россияда билим алуу мүмкүнчүлүгү жогору
Жаңылыктар түрмөгү
0