3-апрелге карата аба ырайы

© Sputnik / Жоомарт УраимовПаркта эс алган жигит. Архивдик сүрөт
Паркта эс алган жигит. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.04.2023
Жазылуу
3-апрелге караган түнү жана эртең менен Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткенде үшүк жүрүшү күтүлөт.
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Дүйшөмбүдө Баткендин айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Ал эми калган облустарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +18...+23, Талас жергесинде +13...+18, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +23...+28, Ысык-Көл чөлкөмүндө +13...+18, ал эми Нарында +11...+16 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +21...+23 жана Ош калаасында +26...+28 градус болот.
Жашыл чөпкө түшкөн кар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.04.2023
Айрым жерлерде үшүк жүрөт. Кыргызстандагы бир жумага карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0