Ысык-Көлгө балыктын кайсы түрүнүн чабактары коё берилүүдө. Министрлик тизмектеди

© Sputnik / Игорь Онучин / Медиабанкка өтүүФорельдин чабактары. Архив
Форельдин чабактары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2023
Жазылуу
Балык чарба департаменти бир суткада Ысык-Көлгө 1 миллион 780 миң чабакты кое берген.
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Айыл чарба министрлиги Ысык-Көл көлүнө коё берилген чабактар тууралуу маалымат берди. Анда айтылгандай, Балык чарба департаменти көлмөлөрдөгү балык запастарын сактоо жана көбөйтүү максатында мындай иш-аракеттерди жүргүзүп келет.
Ысык-Көл көлүнүн 13-балык уулоо тилкесине (Тоң суусуна) Ысык-Көл форелинин 100 миң даана чабагы коё берилген;
Ак-Терек тилкесине (9-балык уулоочу участок) форель балыгынын 50 миң даана чабактары коё берилген;
Түп дарыясына Ысык-Көл форель балыгынын 40 миң даана чабагы коё берилген.
"Мындан тышкары, "Тоң балык өстүрүүчү заводу" мамлекеттик ишканасы инкубациялык цехинен Ысык-Көлгө форель-гегаркуни балыгынын 190 000 чабагын чыгарды. Аталган ишкана Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарындагы тилкесине сиг-лудога балыгынан 800 миң даана, Тору-Айгыр аймагына 600 миң чабак коё берилди. Мындай иш-аракеттер улантылат", — деп айтылат маалыматта.
Орто-Токой суу сактагычына 1 миллион чабак коё берилди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.03.2023
Орто-Токой суу сактагычына 1 миллион чабак коё берилди
Жаңылыктар түрмөгү
0