00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Будь в курсе
Цены на рынке недвижимости и риелторы: есть ли связь?
08:05
47 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Будь в курсе
Цены на рынке недвижимости и риелторы: есть ли связь?
12:05
47 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
7 мин
Личный интерес
Блины, песни и конные игры: как в Кыргызстане отмечают Масленицу
16:08
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Тагдыры татаал болсо да талыкпай эмгектенген Сонунбү Кадырова
17:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Регулировать рынок или конкуренцию: разбираемся в инициативе Минэкономики
18:07
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Кышында тоодо эс алуу маданияты калыптана элекпи — коопсуздук эрежелери, жаракаттар
19:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Как правильно жаловаться государству и не тратить время впустую - разговор с юристом
20:07
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда эмне себептен микрофинансылык компаниялар жабылып жатат?
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

42 жылдан соң. Медицина корифейлери Мамакеев менен Акрамовдун элдешкен видеосу

Жазылуу
Мамакеев жеңилдеп калгандыгын, басып турган оор жүктөн арылганын белгилеген. Эки мыкты хирургдун эмнеге сүйлөшпөй калганы жалпы коомчулукка маалым эмес.
Кыргызстандагы медицина тармагында 60-70 жылдан бери иштеп келе жаткан, эң тажрыйбалуу, корифей хирургдар Мамбет Мамакеев менен Эрнст Акрамов элдешти. Бул тууралуу дарыгер Андрей Сопуев айтып берип, жарашуунун видеосун жарыялаган.
Акрамов кирип келгенде Мамакеев "ай, күчүгүм, күчүгүм" деп жакшы көрүп, жүрөгү жылып, аны кучактап жатканы кадрга түшүп калган.
Мамакеев азыр 96, ал эми Акрамов 87 жашта.
Легендарлуу эки дарыгер, устат-шакирттин жолугушуусунан алынып, чакан кылып даярдалган ирмемдерди бул жерден көрүүгө болот.
Алардын 42 жыл мурда эмнеден улам чатакташып сүйлөшпөй калгандыгы азыр жалпы коомчулукка дайын эмес. Муну Мамакеев шакирти Акрамов менен жолугуп жатканда туюгунан айтып, ачыктаган жок.
Сопуевдин билдиргенине караганда, Мамакеев бир күн мурда Акрамовго телефон чалган. Андан соң эртеси, 17-мартта, өзү иштеген хирургиялык борборго чакырган. Албетте, Акрамов баш тарткан эмес.
"Сен дайыма менин эсимде болдуң, менин эң сүйүктүү шакиртим элең, биринчи окуучум. Өткөндү эстебейли, талкуулабайлы. Эстеген да коркунучтуу. Биз эми карып баратабыз. Менин кандай таарынычтарым болгонун сен беш колдой билесиң, мунун баарын унуталы", — деген Мамакеев.
Ага жооп кылган Акрамов макулдугун билдирген.
Видеодон жүрөк жылыткан учурларды, Мамакеевдин шакирти Акрамовду чекесинен, бетинен сүйүп, кучактаганын көрүүгө болот. Андан соң ал келген коногуна өзү менен иштеген дарыгерлерди тааныштырып чыккан.
Аягында Акрамовго калпак кийгизип, чапан жаап, экөөнүн тең улгайып калганын, бардык нерсени унутуш керектигин айткан. 42 жылдан бери жүрөгүнө жүк болуп келе жаткан нерседен арылганын, жеңилдегенин кошумчалаган.
"Мага жүк болуп жүргөн, оюмдагы нерселер чыкты. Мындан ары мурдагыдай эле сүйлөшүп турабыз", — деген Мамакеев.
Эске салсак, Мамбет Мамакеев хирург болуп 70 жылдан бери иштеп, 30 миңден ашуун операция жасаган. Кыргызстанда хирургия борборун түзүп, дарыгерлердин жоон тобун даярдап, ондогон илимий эмгек жараткан. Хирург азыркыга чейин операция жасайт. Дарыгерге КР Баатыры наамы, II жана III даражадагы Манас ордени ыйгарылган.
Эрнст Акрамов 60 жылдан ашуун медицинада, элдин саламаттыгын сактоого эмгек өтөп келет. Меценат. Дарыгерге КР Баатыры наамы ыйгарылган. Хирург азыркыга чейин операция жасап, учурда Чүй облустук ооруканасынын хирургия бөлүмүн жетектеп келет.
Тема боюнча:
"Карылыктын точкасына жетип калдым". 95 жаштагы Мамбет Мамакеевдин видеосу
Жаңылыктар түрмөгү
0