SOS кнопкасын киргизүү. ИИМ Бишкектеги коопсуздук чаралары тууралуу айтты

© Фото / пресс-служба МВД КРИчки иштер министрлиги Бишкекте жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн кандай жаңылыктар киргизилип жатканын айтып берди
Ички иштер министрлиги Бишкекте жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн кандай жаңылыктар киргизилип жатканын айтып берди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.03.2023
Жазылуу
Жардам кнопкасы кыздарды ала качууда, балдарды уурдоодо ыкчам жардам көрсөтүүгө шарт түзөт.
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Ички иштер министрлиги Бишкекте жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн кандай жаңылыктар киргизилип жатканын айтып берди.
Бүгүн Бишкек ШИИБдин Кырдаалдык борборунун салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. ИИМ башчысынын санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Сүйүнбек Ниязбеков оңдоо иштери жүргүзүлүп, байланыш техникасы жаңыртылып, 102 кызматынын операторлорунун иштөө шарттары түзүлгөнүн белгилеген. Бул борбордо чалуулар күнү-түнү кабыл алынат.
© Фото / пресс-служба МВД КР

Ички иштер министрлиги Бишкекте жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн кандай жаңылыктар киргизилип жатканын айтып берди

Ички иштер министрлиги Бишкекте жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн кандай жаңылыктар киргизилип жатканын айтып берди - Sputnik Кыргызстан
1/3

Ички иштер министрлиги Бишкекте жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн кандай жаңылыктар киргизилип жатканын айтып берди

© Фото / пресс-служба МВД КР

Бүгүн Бишкек ШИИБдин Кырдаалдык борборунун салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү

Бүгүн Бишкек ШИИБдин Кырдаалдык борборунун салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү - Sputnik Кыргызстан
2/3

Бүгүн Бишкек ШИИБдин Кырдаалдык борборунун салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү

© Фото / пресс-служба МВД КР

ИИМ башчысынын санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Сүйүнбек Ниязбеков оңдоо иштери жүргүзүлүп, байланыш техникасы жаңыртылып, 102 кызматынын операторлорунун иштөө шарттары түзүлгөнүн белгилеген.

ИИМ башчысынын санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Сүйүнбек Ниязбеков оңдоо иштери жүргүзүлүп, байланыш техникасы жаңыртылып, 102 кызматынын операторлорунун иштөө шарттары түзүлгөнүн белгилеген. - Sputnik Кыргызстан
3/3

ИИМ башчысынын санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Сүйүнбек Ниязбеков оңдоо иштери жүргүзүлүп, байланыш техникасы жаңыртылып, 102 кызматынын операторлорунун иштөө шарттары түзүлгөнүн белгилеген.

1/3

Ички иштер министрлиги Бишкекте жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн кандай жаңылыктар киргизилип жатканын айтып берди

2/3

Бүгүн Бишкек ШИИБдин Кырдаалдык борборунун салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү

3/3

ИИМ башчысынын санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Сүйүнбек Ниязбеков оңдоо иштери жүргүзүлүп, байланыш техникасы жаңыртылып, 102 кызматынын операторлорунун иштөө шарттары түзүлгөнүн белгилеген.

Мындан тышкары, адамдын жүзүн идентификациялаган камералардын жардамы менен реалдуу убакыт режиминде байкоо жүргүзгөн система менен тааныштырышкан.
"Катышуучулар системанын кылмыш же укук бузуу белгиси болгон учурда, унутулган буюмдарды табууда кандай иштээрине кызыгышты. Милиционерлер ар бир кырдаал боюнча системанын ишин монитордон көрсөтүштү. Ошондой эле бул система укук бузуулардын алдын алуу гана эмес, кылмышкердин изин суутпай табууга да мүмкүн экендигин белгилешти", — деп айтылат маалыматта.
Аны менен SOS мобилдик тиркемесин киргизүү пландаштырылып жатканы айтылды. Ал милицияга кыздарды ала качууда, балдарды уурдоодо, адам өлтүрүү коркунучунда, жарандарга кол салууда, транспорт каражатын мыйзамсыз ээлеп алууда, массалык мушташууда ыкчам жардам көрсөтүүгө шарт түзөт. Жарандар кнопканы басуу менен эле Кырдаалдык борборго кайрыла алышат. Мобилдик аппарат болуп жаткан окуялардын аудио жана видео жазуусун өз алдынча борборго жөнөтөт.
Асмандагы дрон. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2023
Милиция Бишкекте баңгизат саткан шектүүнү дрон менен аңдып кармады. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0