Путин Мариуполго барган себебин айтып берди. Видео

© AFP / -РФ президент Владимир Путин Мариуполго барган сапарында
РФ президент Владимир Путин Мариуполго барган сапарында - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2023
Жазылуу
Өткөн жумада Путин тик учак менен Мариуполго учуп келип, шаардын бир нече районун андан соң автоунаа менен кыдырып чыккан.
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. РФ президенти Владимир Путин Мариуполго баруу сапарынын сааты келгенин, калыбына келтирүү иштери кандай жүрүп жатканын карап чыгуу керек болгонун айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.

“Калыбына келтирүү иштери кандай жүрүп жатат, кошумча эмне кылуу керек, биринчи эмнелер маанилүү болуп турат деген сыяктуу маселелерди Мариуполдун мисалында карап чыгуу керек болчу. Калыбына келтирүү, үйлөрдүн капиталдык оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшүн көрүү өтө маанилүү эле. Бул жерде биз техинкалык жана технологиялык мүнөздөгү: кандай каражаттарды, материалдарды колдонуу керек, кандай темпте жүргүзүү зарыл деген жана башка ар кыл суроолорду талкууладык. Тагыраагы, бул жумушчу сапардын сааты келген эле”, — деген Путин Павел Зарубинге берген маегинде. Анын видеосу журналисттин Telegram каналына жарыяланган.

РФ президенти, мындан сырткары, билим берүү системасы кандай калыбына келтирилгенин, капиталдык оңдоо болуп жаткан университетти, “бир топ эле чоң спорттук эки аянтты”, филармонияны көргөнүн кошумчалаган.
Федералдык медициналык биологиялык агенттиктин клиникасы кантип курулуп жатканын жана Мариуполдун жаңы кварталдарын көргөн. Мамлекет башчынын айтымында, алардын борбордогу кварталдардан айырмасы жок.
Путин үчүн коомдук аймакты – Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларына арналган стелла, эстеликтери бар паркты көрүү маанилүү болгон.
Путин, андан тышкары, жергиликтүү эл менен сүйлөшкөнү да күтүүсүз болгонун айтып берген.
“Мен жумушчулар турат го дегем, себеби эркек киши жумуш кийимчен болчу. Алар менен пикир алышып, иш кандай жүрүп жаткандыгын сурайын дедим. Бирок алар жергиликтүү жашоочулар болуп чыкты. Үйүнө чакырышты эле, барып кандай жашап жатышканын көрдүм. Заманбап, жакшы батир экен. Албетте, элдин маанайы кандай экендигин сезүү да маанилүү эле. Балким, бул эң башкысы болду”, – деп кошумчалаган Путин.
Ал эми автоунааны айдап бара жатканда чоочун шаарда эмне сезим болгонун сураганда, президент жол эрежесин бузбагандыгын айткан.

“Жол эрежесин бузган нерсе – коопсуздук курун тагынбай жүргөнүбүз болду. Мындай шартта, жакшысы, аны тагынбаган оң, себеби машинадан чыгууга оңой болот", — деп кошумчалаган Путин.

Өткөн жумада Путин тик учак менен Мариуполго учуп келип, шаардын бир нече райондорун андан соң автоунааны өзү айдап кыдырып чыккан.
Аны коштоп жүргөн вице-премьер Марат Хуснуллин мамлекеттин жетекчисине Мариуполдогу курулуштун жүрүшү тууралуу жана шаарды калыбына келтирүү иштеринин аткарылышы боюнча маалымат берген.
Путин Невский кичи районунда шаардыктар менен жолугуп, сүйлөшкөн.
Россиянын президенти Владимир Путин жана Севастополдун губернатору Михаил Развожаев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2023
"Өзү. Машина менен келди". Путиндин Севастополго сапарын губернатор кабарлады
Жаңылыктар түрмөгү
0