Тышкы иштер министрлиги адистерди жумушка чакырат

© Sputnik / Павел Бедняков / Медиабанкка өтүүЖыйындагы адамдар. Архив
Жыйындагы адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2023
Жазылуу
Министрлик талаптарга жооп берген конкурсанттар гана сынакка катышуу үчүн чакырыларын, байланыш үчүн колдонуудагы электрондук даректи көрсөтүү зарылдыгын эскертти.
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Тышкы иштер министрлиги бош кызмат орундарына ачык сынак жарыялады. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, төмөнкү дипломатиялык кызмат орундарына адистер жумушка чакырылат:
Эл аралык-укуктук департаментинин көп тараптуу келишимдер бөлүмүнүн атташеси;
Экономикалык дипломатия департаментинин экспортту жана туризмди илгерилетүү бөлүмүнүн атташеси (2 орун бош);
Экономикалык дипломатия департаментинин инвестицияларды тартуу бөлүмүнүн атташеси;
Консулдук департаменттин экспертиза, документтештирүү жана визалык иш бөлүмүнүн документтештирүү секторунун атташеси;
Кадрдык саясат бөлүмүнүн атташеси;
ТИМдин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн атташеси (2 бош орун);
Валюта-финансы департаментинин кирешелерди эсепке алуу секторунун башкы адиси;
Валюта-финансы департаментинин чет өлкөдөгү мекемелер секторунун башкы адиси;
Валюта-финансы департаментинин талдоо жана пландаштыруу секторунун башкы адиси;
Валюта-финансы департаментинин талдоо жана пландаштыруу секторунун жетектөөчү адиси.
Документтер үстүбүздөгү жылдын 25-мартынан тартып 6-апрелге чейин Тышкы иштер министрлигинин кадрдык саясат бөлүмүндө, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 57 дарегинде кабыл алынат.
Талапкерлер сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруусу зарыл:
арыз (бош кызмат ордун так көрсөтүү менен) эки нускада;
сүрөтү менен кадрларды каттоо боюнча өздүк баракчасы;
өмүр баян (соттолбогондугу тууралуу маалыматты көрсөтүү менен);
резюме;
3х4 сүрөтү (2 даана);
паспорт көчүрмөсү;
кесиптик билимин, иш тажрыйбасын жана квалификациясын тастыктаган документтер;
сунуштама каттар (бар болсо).
Кошумча маалыматтарды (0312) 62 50 87 жана 62 66 57 телефондору аркылуу же www.mfa.gov.kg сайтынан алууга болот.
Бишкектеги жаңы автобустар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2023
Мэрия автобус айдоочуларын жумушка чакырат. Талаптары
Жаңылыктар түрмөгү
0