Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Зеленский Украинаны колдоо ич жылытарлык болбой жатканына нааразы

© AP Photo / Efrem LukatskyУкраинанын президенти Владимир Зеленский
Украинанын президенти Владимир Зеленский - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2023
Жазылуу
Украина башчысы Зеленскийдин ЕБ саммитинде эмоцияга алдырып өтө кескин сүйлөгөнүн айтышты.
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Украинанын президенти Владимир Зеленский Киевди колдоо, көмөктөшүү ийгиликтүү болбой жатканын айтып, нааразылыгын билдирген.
Бул туурасында ал өзүнүн Telegram каналына жазды.
"Урматтуу кесиптештер, биргелешкен аракеттердин жаңыдан создуктурулуп жатканына караганда, сиздер менен биздин ийгилигибиз аз болуп жатканын сезген жоксуңарбы? Тилекке каршы, ушундай болууда жана Кремль муну көрүп турат", — деген Зеленский өзүнүн видеокайрылуусунда.
Ал алыска учуучу ракеталарды берүү иштери, Киевге Батыштын жаңы учактарын бөлүү чечими, Россияга жаңы санкцияларды салуу, "тынчтыктын формуласы боюнча саммитти" өткөрүү жана Украинаны Европа менен интеграциялоо иштери кечеңдеп жатканын айткан.
Анткен менен Europe Diplomatic басылмасынын кабарчысы, Брюсселдеги прессанын эл аралык ассоциациясынын мүчөсү Анна ван Денски кырдаал менен тааныштыгы бар кесиптештерине таянып, Зеленскийдин Евробиримдиктин саммитинде курал берүүнү талап кылгандыгын айтты.
Денскинин маалыматына караганда, ал аскерлердин коштоосунда чыгып сүйлөп, эгерде согуштук жардам тез арада келбесе, "кийин эч кимге деле кереги жок" болуп каларын айткан.
"Мындайча айтканда, маселени кабыргасынан койду. Өтө кескин, эмоцияга алдырып сүйлөгөндүктөн сөзү жарыяланган жок", — деген ван Денски.
Кийинчерээк Украина башчысы ЕБдин саммитине арналган видеокайрылуусун жарыялаган, бирок анда поезддин вагонунда бара жаткан учуру байкалган.
Брюсселде болгон Евробиримдиктин саммитинде ага мүчө-өлкөлөрдүн лидерлери Украинага тез арада 1 миллиондук ок-дары берүү, биргелешип сатып алууну жана согуштук өндүрүштү өстүрүү планын колдошкон.
АКШдын Украинага жөнөтүлүп жаткан курал жарак. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Мезгил жетти". АКШда Украинага жардам берүүнү токтотууну талап кылышууда
Жаңылыктар түрмөгү
0