Кыргызстандын үч шаарында Россия ЖОЖдорунун жарманкеси өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековРоссия ЖОЖдорунун жарманкеси. Архив
Россия ЖОЖдорунун жарманкеси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2023
Жазылуу
Ага 10-11-класстын окуучулары, ата-энелери жана магистратура, аспирантурага тапшырам дегендер келип, суроолоруна жооп алып, окуу жайлар менен таанышып кетсе болот.
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Кыргызстанда 3-апрелден баштап 5-апрелге чейин "Россиядагы билим берүү – 2023" жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борбору (Русский дом) маалымдады.
Билдирмеге ылайык, ага Россиянын 30 университети катышат.
Жарманкенин тартиби:
3-4-5-апрель — Бишкек шаарындагы Касымалы Баялинов атындагы республикалык балдар жана жаштар китепканасында саат 10:00дө башталып 17:00гө чейин уланат;
3-апрель — Кара-Балта шаарындагы Ленин атындагы маданият үйүндө саат 10:00дөн 15:00гө чейин;
4-апрель — Кант шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы достук үйүндө саат 10:00дөн 12:00гө чейин;
4-апрель — Токмок шаарындагы №2 орто мектебинде саат 13:00дөн 15:00гө чейин.
"Жарманкеге 10-11-класстын окуучуларын, алардын ата-энелерин жана аспирантура, магистратурага тапшырам дегендерди чакырабыз. 3-4-5-апрелде Бишкекте жогорку билим алууга байланышкан суроолорго түшүндүрмөлөр берилет жана предметтик тесттер сыноо иретинде алынат. Бардык шаарларда жарманкеге кирүү акысыз. Иш-чара Кыргызстандагы Россотрудничество, КР Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен "Москва классиктери" коомдук фонду тарабынан уюштурулууда", — деп айтылат маалыматта.
Жарманкеге катышкан жогорку окуу жайлардын тизмеси менен сайтынан таанышууга болот.
Жүргүнчүлөр Тамчы аэропортунда учактан түшүп атат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.03.2023
Апрелден тарта Россиядан Ысык-Көлгө күн сайын самолёт каттай баштайт
Жаңылыктар түрмөгү
0