00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Завещание не запрещает продать имущество — юрист о главных заблуждениях о наследстве
14:04
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
4 мин
Ачык кеп
Мас айдоочуларга чаралар, терезелерди караңгылатуу жана такси лицензиясы: учурдагы талаптар
15:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Важен не диплом а портфолио - директор колледжа КРСУ о том как меняются правила игры
16:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Кароосуз калган 150дөн ашык баланы багып чоңойткон эне
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Ледники Таласской области сократились на 44% — эксперт МЧС о реальных климатических рисках
18:06
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
12 мин
Экономикалык панорама
Кыргызстан ЕАЭБдин агрардык хабына айланууда: экспорт жана инвестициялар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылууда
19:13
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Завещание не запрещает продать имущество — юрист о главных заблуждениях о наследстве
20:06
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
6 мин
Ачык кеп
Мас айдоочуларга чаралар, терезелерди караңгылатуу жана такси лицензиясы: учурдагы талаптар
21:08
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Акылбек Жапаров аткаминерлерге дыйкандардын көйгөйлөрүн тез чечүүнү тапшырды

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш ЖусубалиевМинистрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкө аймактарынын жазгы талаа иштерине даярдыгы боюнча селектордук жыйында
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкө аймактарынын жазгы талаа иштерине даярдыгы боюнча селектордук жыйында - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.03.2023
Жазылуу
Өкмөт башчы чет элдеги инновациялык тажрыйбаларды колдонуп, айыл чарба тармагын өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи.
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкө аймактарынын жазгы талаа иштерине даярдыгы боюнча селектордук жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
"Элдин мүдөөсүнө кайдыгер карабагыла, алардын көйгөйлөрүн тез арада чечүүгө бардык күч-аракетиңерди жумшагыла. Калктын жыргалчылыгын жогорулатууга багытталган бардык демилгелерди колдоого даярбыз. Болгону талыкпай иштешибиз керек", — деди Жапаров.
© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш ЖусубалиевСелекторное совещание кабмина по вопросу подготовки регионов страны к весенне-полевым работам
Селекторное совещание кабмина по вопросу подготовки регионов страны к весенне-полевым работам  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.03.2023
Өкмөт башчы чет элдеги инновациялык тажрыйбаларды колдонуп, айыл чарба тармагын өнүктүрүү зарылдыгына токтолду.
"Өзбекстанда айыл чарбанын ар бир тармагы үчүн бүтүндөй кластер аныкталган. Биз агрардык республика катары кластердик системага максималдуу көңүл бурушубуз керек. Суу менен сугаруу планы, себүү планы, аймактын электрондук картасы – бул инновациялар айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө мол түшүм алууга жардам берет", — деди ал.
Жапаров селектордук кеңешмеге даярданууда аймактардагы жетекчилерде биринчи кезекте колдогу айдоо жерлер, ирригациялык системалар жана башка керектүү мүнөздөмөлөрдү көрсөткөн аймактын электрондук картасы болушу керектигин белгиледи.
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяров азыркы учурга карата 10 миң 566 гектардан ашуун жер айдалып, Айыл чарба министрлиги аркылуу 1997 тонна үрөн дыйкандарга таратылганын билдирди.
Ал эми президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов облуста жазгы талаа иштери кызуу жүрүп жатканын айтты.
"Жаздык буудай себүү 40 пайызга, арпа 44 пайызга, картошка 13 пайызга, жашылча 5 пайызга аткарылып, иш уланууда. Дыйкандар бардык керектүү жабдыктар менен камсыздалган", — деди ал.
Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков жыйындын катышуучуларына 616 миң жер санарипке өтүп, ар бир облустук администрацияга электрондук түрдө өткөрүлүп берилгенин маалымдады. Ошондой эле сугат иштерине 1 млрд. куб метрден ашуун суу сарпталганын айтты.
Айыл чарбаны механизациялоо, инновациялык технологиялар жана кооперациялоо департаментинин директору Нурланбек Кожогулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2023
Радио
Быйыл 1,5 млрд. сомго техника лизингге берүү пландалууда
Жаңылыктар түрмөгү
0