Кыргызстандык кыздар кайсы багыттарда билим алат? Статистика

© Sputnik / Дмитрий Виноградов / Медиабанкка өтүүСабактагы студент. Архив
Сабактагы студент. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2023
Жазылуу
Аскердик, геология, энергетика, металлургия багытында билим алган кыздардын саны өтө эле аз.
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Кыргызстандагы кыздар кайсы багыттар боюнча жогорку окуу жайда билим ала турганын Sputnik агенттигинин кабарчылары Улуттук статистика комитетинин жана “БУУ-Аялдар. Туруктуу өнүктүрүү багытындагы максаттар жана КРдеги гендер” аттуу жыйнактагы маалыматтарды карап билип көрдү.
Изилдөөчүлөрдүн маалыматына караганда, 2021-2022-окуу жылынын башталышында жогорку окуу жайлардагы кыздардын саны 51 пайызды түзгөн.
Кыргызстандагы окуу жайларда окуган кыздардын тандаган багыттары:
педагогикалык билим — 88 пайыз.
социалдык илим — 71,3.
технология жана азык-түлүк продукцияларын өндүрүү — 67,3.
табигый илимдер — 65,5.
маданият жана искусство — 60,5.
тейлөө тармагы — 60,4.
гуманитардык илим — 48,9.
экономика жана башкаруу — 46,3.
токой ресурстарын кайталап өндүрүү жана кайра иштетүү — 44,2.
саламаттык сактоо — 37,9.
Аскердик, геология, энергетика, металлургия багытында билим алган кыздардын саны өтө эле аз (10 пайыздан аз).
Улгайган байбичелер. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.03.2023
Соңку беш жылда пенсионерлердин саны жогорулады. Статистика
Жаңылыктар түрмөгү
0