Жума жаан-чачын менен башталат. Ош облусу боюнча кийинки аптага карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековОш шаарындагы Сулайман-Тоодогу музейдин фонунда гүлдөгөн өрүк. Архив
Ош шаарындагы Сулайман-Тоодогу музейдин фонунда гүлдөгөн өрүк. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2023
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги бул жумада Ош облусунда күтүлгөн аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.
Синоптиктердин айтымында, 19-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерге жамгыр, тоолуу райондорго кар жаайт. 20-21-мартта көпчүлүк аймактарда да жамгыр болуп, тоолуу райондорго кар түшүшү ыктымал. 22-23-мартта күндүн көзү бузулбайт. 24-мартта күндүз жана 25-мартта айрым айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаай турганы айтылды.
Тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.
Планеталар парады. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2023
Кыргызстандыктар марттын аягында планеталар парадына күбө боло алат
Жаңылыктар түрмөгү
0