Алдыдагы аптага карата Баткен облусундагы аба ырайы

© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш ЖусубалиевБаткен облусундагы Максат айылы. Архив
Баткен облусундагы Максат айылы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келе жаткан аптада Баткен облусунда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Синоптиктердин айтымында, 19-20-мартта айрым жерлерде жамгыр жааса, тоолуу райондорго кар түшүшү ыктымал.
Ал эми 21-мартта түнкүсүн айрым жерлерге жамгыр жаап, күндүз күн ачык болот. 22-23-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. 24-25-мартта аба ырайы кайрадан бузулуп, айрым жерлерге жаан жаап, тоолуу райондорго кар жаашы мүмкүн.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Бишкекте өрүк гүлдөө учурунда адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2023
32 градуска чейин ысыйт. Апрелге карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0