Кумдагы футбол боюнча өлкөнүн курама командасы Таиландда Азия кубогунда ойнойт

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүКумдагы футбол. Архив
Кумдагы футбол. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.03.2023
Жазылуу
Кыргызстандын спортчулары тайпалык этапта Оман жана кувейттиктер менен таймашат. Ал эми D тайпасында палестиналыктар менен беттешет.
БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Кыргызстандын кумда ойнолгон футбол боюнча курама командасы Таиланддын Паттайя шаарында өтө турган Азия кубогуна катышат. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан маалымдашты.
Турнир бүгүн, 16-мартта, башталып, 26-мартка чейин уланат. Анда 16 команда күч сынашат.
Кыргызстандын курама командасы тайпалык этапта Оман жана Кувейттин спортчулары менен мелдешет. Ал эми D тайпасында Палестинанын спортчулары менен ойнойт.
Футбол союзу белгилегендей, Кыргызстандын кумдагы футбол боюнча курама командасы Азия кубогуна даярдануунун алкагында Ысык-Көлдө окуу-машыгуулардан өткөн. 10-мартта курама команда Таиландга учуп кеткен, алар 15-мартка чейин машыгуунун экинчи бөлүгүн өткөрүштү.
"Турнирдин форматына ылайык, чейрек финалга ар бир тайпадан экиден команда чыгат", — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстандын курамасы командасы оюн талаасына чыга турган сааттар (Бишкек убактысы боюнча берилди):
17-мартта — Оман – Кыргызстан, саат 19:30да;
19-мартта — Кыргызстан – Палестина, саат 16:00дө;
21-мартта — Кувейт – Кыргызстан, саат 16:00дө.
Кыргызстандын U-17 футболчу кыздары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.03.2023
CAFA U-17: Кыргызстандын футболчу кыздары тажикстандык атаандаштарын жеңип алды
Жаңылыктар түрмөгү
0