00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
08:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

"Улуттун сүйгөн инсаны". Абды Сүйөркуловго арналган көргөзмө уюштурулууда

© Фото / из семейного архива СуеркуловыхКоомдук жана мамлекеттик, партиялык ишмер Абды Сүйөркулов. Архив
Коомдук жана мамлекеттик, партиялык ишмер Абды Сүйөркулов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2023
Жазылуу
Улуттук тарых музейинде Абды Сүйөркуловдун бейнесине арналган туруктуу экспозиция түптөлдү.
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Коомдук жана мамлекеттик, партиялык ишмер Абды Сүйөркуловдун 110 жылдыгын белгилөөнүн алкагында бүгүн "Улуттун сүйгөн инсаны" аттуу көргөзмө ачылды.
Улуттук тарых музейинде Абды Сүйөркуловдун бейнесине арналган туруктуу экспозиция түптөлдү.
Абды Сүйөркулов 1912-жылы 12-декабрда Жалал-Абад облусундагы Торкен айылында кедей дыйкандын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Фрунзедеги соода жана контролдук мектепте билим алып, 1930-жылы Ташкент шаарындагы жогорку окуу жайга даярдоо курсунан өтүп, Москвадагы пландык экономика институтун кыска убакытта аяктаган.
30-жылдары Кыргыз ССРинин көптөгөн райондорунда каржы, салык, чарба бөлүмдөрүндө түрдүү кызматтарды аркалаган. Мындан сырткары, колхоз жетекчиси, райондук, облустук аткаруу комитеттеринин төрагасы өңдүү тепкичтерди басып өткөн.
Сүйөркулов 29 жашында Кыргызстан коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы, 37 жашында Кыргыз ССРинин өкмөтүн башкарган.
Эгерде анын эмгек жолуна кененирээк токтолсок, 1946-жылы Москвадагы Жогорку партиялык мектепти аяктап, үч жылдай Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин төрагасы болгонун окуйбуз. Көп өтпөй Сүйөркулов Министрлер кеңешинин төрагалыгына дайындалып, сегиз жылдай иштейт, андан кийин он жылдай Соода министрлигин башкарган. Бул мезгил аралыгында өкмөт башчысы Улуттук илимдер академиясын, Опера жана балет театрын, Кыргыз мамлекеттик университетин ишке берип, Бишкек — Ош унаа жолун салуу чечимин кабыл алган. Анын демилгеси менен Бишкек шаарындагы азыркы Касымалы Баялинов атындагы китепкана, борбор калаадагы ат майдан, бир катар өнөр жай ишканалары курулган.
Жогорку мамлекеттик сыйлыктардын ээси пенсияга чыккандан кийин да Фрунзедеги "Элдик чарбанын жетишкендиктери" көргөзмөсүнүн директору болуп тогуз жылдай башкарган.
Абды Сүйөркулов 1992-жылы 80 жаш курагында бул дүйнө менен кош айтышкан.
Көрүнүктүү коомдук жана мамлекеттик ишмер, дипломат Ишенбай Абдуразаков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.11.2022
Өмүрүн дипломатияга, мамлекетке арнаган. Ишенбай Абдуразаковдун сүрөттөрү
Жаңылыктар түрмөгү
0