16-мартка карата аба ырайы

© AP Photo / Nam Y. HuhЖамгырда кол чатыр кармаган адам. Архив
Жамгырда кол чатыр кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2023
Жазылуу
16-мартка караган түнү Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаайт.
БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Бейшембиде күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын аймактарынын кээ бир жерлеринде жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Талас жана Ысык-Көл жергесинде +7...+12, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +13...+18, ал эми Нарында +3...+8 градус жылыйт.
Бул күнү Бишкекте күндүз, Ошто түнкүсүн мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +8...+10, Ошто +16...+18 градуска көтөрүлөт.
Чөптөгү кар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2023
Үшүк жүрөт! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты
Жаңылыктар түрмөгү
0