Бишкек мэрин эл шайласын. Мыйзам долбоорун ЖКнын тармактык комитети колдоду

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек мэриянын имараты. Архив
Бишкек мэриянын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2023
Жазылуу
Демилгечи депутат эки жылдын аралыгында эле сегиз мэр алмашканын мисал келтирди.
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэрин эл тарабынан түз шайлоо боюнча мыйзам долбоорун парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер комитети биринчи окууда жактырды.
Жыйында баяндама жасаган демилгечи депутат Жанар Акаев мыйзам кабыл алынып калса калааны башкарууга дараметтүү адамдар келерин белгиледи.
© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Жанар Акаев
Депутат Жогорку Кенеша Жанар Акаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2023
"2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин сегиз мэр алмашыптыр. Борбор калаанын тургундары мэрдин атын жаттаганга жетишпей калып жатат. Мэр болчу адам чыгып өзүнүн прграммасын айтсын, ыш, автотыгын, жашылдандыруу, башаламан курулуш көйгөйүн, жаңы конуштардын маселесин минтип чечем десин. Азыр конуштардагы үйлөрдүн документтерин бүтүрүүгө президент өзү баш болуп чуркап жүрөт. Түз шайлоо болсо талапкер шаарды бүт кыдырып элге өнүктүрүү программасын айтат. Азыр антпейт, эки-үч гана кишинин көңүлүн алып мэр болушууда. Мыйзам долбоору кабыл алынса, азыр эле шайлап салбайбыз. Шаардык кеңештин мөөнөтү бүткөндө, депутаттарды шайлоо менен бирге уюштурулат", — деди Акаев.
Ошондой эле ал министрлер кабинети демилгеге каршы пикирин билдиргенин айтты. Өкмөт мында туруктуулук болбой каларын, шайлоо өткөрүүгө кошумча каражат талап кылынарын жүйө келтирген.
"Тескерисинче, азыр туруктуулук болбой жатпайбы. Эки жылда сегиз мэр алмаштырыптыр. Мэрди шайлоо менен шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо бир күндө өтөт. Эми өнүгүү үчүн бир аз каражатты аябай эле коюш керек го. Европада көп шаарларынын, Түркиянын Стамбул, Анкаранын мэрлери түз шайланат. Франциянын эки-үч президенти, Түркиянын лидери Режеп Тайип Эрдоган да убагында шаарды башкарган. Абдан жакшы лидерлерди алып чыгат элек. Биздин шаарга да көрүнүктүү, күчтүү мэр керек", — деди депутат.
Жыйында эл өкүлдөрү Ош шаарынын мэрин дагы шайлоону сунушташты. Анда Акаев алгач Бишкектен баштап, акырындык менен башка шаарларга жайылтуу планы бар экенин билдирди. Жыйынтыгында комитеттин мүчөлөрү мыйзам долбоорун бир добуштан колдошту.
Белгилей кетсек, мурда шаар мэрлери жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан шайланып келген. 2021-жылы мыйзам өзгөртүлүп, республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлерин президент, райондук маанидеги шаарчалардын башчысын аким дайындап калды.
Ысык-Көлдүн пляжында эс алуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2023
Үч депутат Көлдүн эс алуу жайларын чет элдиктердин менчигине берүүнү сунуштады
Жаңылыктар түрмөгү
0