Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

ЕЭК мигранттардын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн маанилүү жагдай боюнча иштеп жатат

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүДарыгер бейтаптын рентгенин текшерип атат. Архив
Дарыгер бейтаптын рентгенин текшерип атат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.03.2023
Жазылуу
ЕАЭБ мамлекеттеринде саламаттык сактоо системасы ар кандай. Мисалы, үчөөндө ММК бар болсо, Армения менен Беларуста жок.
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Россиядагы эмгек мигранттарынын үй-бүлө мүчөлөрүнө милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ММК) алууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн атайын иш жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору Алтынай Өмүрбекова билдирди.
Ал Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн "ЕАЭБ мамлекеттериндеги эмгек мигранттарын социалдык жактан коргоо чаралары" аттуу видеокөпүрөгө катышкан.
Жетекчиге ЕАЭБдин алкагында эмгек мигранттары үчүн бирдиктүү медициналык камсыздандыруу системасын киргизүү планда каралган-каралбаганы тууралуу суроо узатылды.
Өмүрбекова андай нерсе жок экенин айтып, бирок ЕАЭБ Келишимине ылайык, эмгек мигранттарынын социалдык жана милдеттүү медициналык камсыздандыруусу ошол өлкөнүн жарандарына коюлган шарттардын негизинде ишке ашырыларын эске салды.
Ошол эле учурда ЕАЭБ мамлекеттеринде саламаттык сактоо системасы ар кандай. Мисалы, үчөөндө ММК бар болсо, Армения менен Беларуста жок. Ал эми ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу бардык мамлекеттерде бар.
© Sputnik / Нина ЗотинаДиректор Департамента трудовой миграции и социальной защиты ЕЭК Алтынай Омурбекова
Директор Департамента трудовой миграции и социальной защиты ЕЭК Алтынай Омурбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.03.2023
"Бирок жогоруда мен айткан Келишим нормасын толук кандуу иштетүү үчүн иш жүргүзүп жатабыз. Кыргызстан менен Казакстанда бул норма иштейт. ММК эмгек мигранттарына жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жеткиликтүү. Ал эми Россияда ММК 2017-жылдан тарта эмгек мигранттарына гана жеткиликтүү. Учурда алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө дагы уруксат бердиртүү боюнча иштеп жатабыз", — деди Өмүрбекова.
ЕЭК Армения менен Беларусту ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандарына саламаттык сактоо тармагы боюнча дискриминациялык мамиле жасабоого чакырып келет.
ЖИА бизнес-ассоциациясынын укуктук кеңешчиси Калыгул Салиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.03.2023
Радио
Юрист ишкерлер ЕАЭБ сотунун мүмкүнчүлүгүн пайдаланбай жатканын айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0