https://sputnik.kg/20230307/okmot-kichi-bazar-salyk-saluu-1073408436.html
Өкмөт кичи базарлардагы соодагерлерден 0,1% салык алууну пландап жатат
Өкмөт кичи базарлардагы соодагерлерден 0,1% салык алууну пландап жатат
Sputnik Кыргызстан
Бийлик кичи базарлардын соодагерлери жана жетекчилери менен жолугушкан. 07.03.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-03-07T18:50+0600
2023-03-07T18:50+0600
2023-03-07T18:50+0600
кыргызстан
экономика
адылбек касымалиев
базар
эттк
салык
азайтуу
пресс-борбор
https://sputnik.kg/img/101613/90/1016139094_0:0:4104:2310_1920x0_80_0_0_5d925043bf69f3442d555fa98c3a8b72.jpg
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Кичи базарларда иштеген соодагерлерге жеңилдетилген салыктык режим киргизип, жүгүртүүсүнүн 0,1 пайызын алуу пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.Ишкерлер буга чейин кассаны көзөмөлдөгөн машинаны (ККМ), электрондук эсеп-фактурасын (ЭСФ) жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазын (ЭТТК) киргизүүгө каршы болуп бир нече ирет митингге чыгышкан.Касымалиевдин айтымында, кичи базарлардын соодагерлери жана жетекчилери менен жолугушкан. Аларга жеңилдетилген схема сунушталган, бирок ал дагы талкууланат. Салык мыйзамдарын өзгөртүү боюнча жарлыктын долбоору даярдалууда.Ошондой эле ал мамлекет соодагерлерди кассаны көзөмөлдөгөн аппараттар менен камсыздап берерин белгиледи. Аны менен катар кичи базарларга барып сатуучуларга ЭТТК системасындагы виртуалдуу кампа түзүп берүү үчүн салыкчылардын ыкчам тобун түзүү пландалып жатканын айтты. Мурда патент менен иштегенде бааларды төмөн көрсөтүп келишкен, эми виртуалдуу кампадан Салык инспекторлору баарын ачык көрүп турат.
https://sputnik.kg/20230307/kyrgyzstan-biznes-salyk-teksheruu-zhoyuu-1073406579.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/101613/90/1016139094_0:0:3648:2736_1920x0_80_0_0_8157d3d8a46d33ef6d006128a5d05bfa.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, экономика, адылбек касымалиев, базар, эттк, салык, азайтуу
кыргызстан, экономика, адылбек касымалиев, базар, эттк, салык, азайтуу
Өкмөт кичи базарлардагы соодагерлерден 0,1% салык алууну пландап жатат
Бийлик кичи базарлардын соодагерлери жана жетекчилери менен жолугушкан.
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Кичи базарларда иштеген соодагерлерге жеңилдетилген салыктык режим киргизип, жүгүртүүсүнүн 0,1 пайызын алуу пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Ишкерлер буга чейин кассаны көзөмөлдөгөн машинаны (ККМ), электрондук эсеп-фактурасын (ЭСФ) жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазын (ЭТТК) киргизүүгө каршы болуп бир нече ирет митингге чыгышкан.
Касымалиевдин айтымында, кичи базарлардын соодагерлери жана жетекчилери менен жолугушкан. Аларга жеңилдетилген схема сунушталган, бирок ал дагы талкууланат. Салык мыйзамдарын өзгөртүү боюнча жарлыктын долбоору даярдалууда.
"Биз жеңилдетилген системаны сунуштап жатабыз. Ага ылайык, жылдык соода жүгүртүүсү 100 миллион сомго чейинкилер 0,1 пайыз менен бирдиктүү салык төлөшөт. Ал эми ЭТТК, башкача айтканда, виртуалдуу кампа түзүү жана ККМ боюнча талаптар ошол бойдон эле калат", — деди Касымалиев.
Ошондой эле ал мамлекет соодагерлерди кассаны көзөмөлдөгөн аппараттар менен камсыздап берерин белгиледи. Аны менен катар кичи базарларга барып сатуучуларга ЭТТК системасындагы виртуалдуу кампа түзүп берүү үчүн салыкчылардын ыкчам тобун түзүү пландалып жатканын айтты. Мурда патент менен иштегенде бааларды төмөн көрсөтүп келишкен, эми виртуалдуу кампадан Салык инспекторлору баарын ачык көрүп турат.
7 Жалган Куран 2023, 18:26