Жер мунапысынын айынан Чүйдүн башчысы менен Сокулуктун акими иштен алынат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров жер мунапысынын аткарылышы боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү
Президент Садыр Жапаров жер мунапысынын аткарылышы боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.03.2023
Жазылуу
Президент Чүйдөгү аткаминерлер кызыл китеп берүүдө канааттандырарлык эмес иш алып барганын белгилеген.
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров жер мунапысы мыйзамынын аткарылышы боюнча жумушчу кеңешме өткөрүп, бир катар аткаминерлердин ишин сынга алды. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, өткөн жылдын апрелинде мунапыс жарыяланып, өлкө жарандары мыйзамсыз курулган жерлерди мыйзамдаштырууга мүмкүнчүлүк алышкан. Жергиликтүү бийлик башчыларына ыкчам иш жүргүзүп жер тилкелеринин уруксат документтерин элге берүү тапшырмасы коюлган.
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев (сол жакта) жана Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаев (оң жакта)

Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев (сол жакта) жана Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаев (оң жакта) - Sputnik Кыргызстан
1/3

Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев (сол жакта) жана Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаев (оң жакта)

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Президент Садыр Жапаров жер мунапысы мыйзамынын аткарылышы боюнча жумушчу кеңешме өткөрүп, бир катар аткаминерлердин ишин сынга алды

Президент Садыр Жапаров жер мунапысы мыйзамынын аткарылышы боюнча жумушчу кеңешме өткөрүп, бир катар аткаминерлердин ишин сынга алды - Sputnik Кыргызстан
2/3

Президент Садыр Жапаров жер мунапысы мыйзамынын аткарылышы боюнча жумушчу кеңешме өткөрүп, бир катар аткаминерлердин ишин сынга алды

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Белгилей кетсек, өткөн жылдын апрелинде мунапыс жарыяланып, өлкө жарандары мыйзамсыз курулган жерлерди мыйзамдаштырууга мүмкүнчүлүк алышкан. Жергиликтүү бийлик башчыларына ыкчам иш жүргүзүп жер тилкелеринин уруксат документтерин элге берүү тапшырмасы коюлган.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын апрелинде мунапыс жарыяланып, өлкө жарандары мыйзамсыз курулган жерлерди мыйзамдаштырууга мүмкүнчүлүк алышкан. Жергиликтүү бийлик башчыларына ыкчам иш жүргүзүп жер тилкелеринин уруксат документтерин элге берүү тапшырмасы коюлган. - Sputnik Кыргызстан
3/3

Белгилей кетсек, өткөн жылдын апрелинде мунапыс жарыяланып, өлкө жарандары мыйзамсыз курулган жерлерди мыйзамдаштырууга мүмкүнчүлүк алышкан. Жергиликтүү бийлик башчыларына ыкчам иш жүргүзүп жер тилкелеринин уруксат документтерин элге берүү тапшырмасы коюлган.

1/3

Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев (сол жакта) жана Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаев (оң жакта)

2/3

Президент Садыр Жапаров жер мунапысы мыйзамынын аткарылышы боюнча жумушчу кеңешме өткөрүп, бир катар аткаминерлердин ишин сынга алды

3/3

Белгилей кетсек, өткөн жылдын апрелинде мунапыс жарыяланып, өлкө жарандары мыйзамсыз курулган жерлерди мыйзамдаштырууга мүмкүнчүлүк алышкан. Жергиликтүү бийлик башчыларына ыкчам иш жүргүзүп жер тилкелеринин уруксат документтерин элге берүү тапшырмасы коюлган.

Бирок жыл жыйынтыгы менен Жапаров бул мыйзамдын жоболорун ишке ашыруу боюнча иш канааттандырарлык эмес экендигин, өзгөчө Чүй облусунда терс көрүнүштөр менен коштолуп жатканын белгилеген.
"Кабыл алынган мыйзамга карабай президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев жана Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаев аны ишке ашыруу боюнча жетиштүү чараларды көргөн эмес. Жыл ичинде Сокулук району боюнча болгону 341 кызыл китеп берилген. Бул багытта канааттандырарлык эмес иш алып баргандыгы үчүн президент Алымбаевди жана Айтибаевди кызматтан алууну тапшырды", — деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, Жапаров Аламүдүн районунда жер амнистиясына жамынып, эч нерсе курула элек айдоо жерлер трансформацияга түшүп калган фактылар аныкталгандыктан аким Бактибек Анаркулов кызматтан бошотулганын кошумчалаган.
Ошондой эле өлкөнүн башка аймактарында, өзгөчө Чүй жана Ош облустарында, Ош шаарында жер амнистиясынын аткарылышын текшерүгө тапшырма берген.
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2023
Садыр Жапаров үйү түрттүрүлгөн көп балалуу аял менен жолукту
Жаңылыктар түрмөгү
0