7-мартка карата аба ырайы

© Sputnik / Екатерина Мартынова / Медиабанкка өтүүСейилдеп жүргөн адамдар. Архив
Сейилдеп жүргөн адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.03.2023
Жазылуу
7-мартка караган түнү айрым жерлерде жаан, кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Шейшембиде күндүз республика боюнча күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +20...+25, Талас облусунда +18...+23, Ысык-Көл өрөөнүндө +9...+14, Нарын жергесинде -2...+3 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада жана Ош шаарында +23...+25 градуска чейин көтөрүлөт.
Сейилдеп жүргөн кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.03.2023
Бул жумада кыргызстандыктар 8-мартта эс алып, бирок ишембиде иштешет
Жаңылыктар түрмөгү
0