Шейшепти өз убагында алмаштырбаса жуктуруп алчу төрт оору

© Фото / Pexels / cottonbro studioТөшөктө жаткан кыз. Иллюстративдик сүрөт
Төшөктө жаткан кыз. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2023
Жазылуу
Жуулбаган шейшеп чаң кенелеринин көбөйүшүнө шарт түзүп, тери ооруларын пайда кылат.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Шейшептер, жаздык каптар жана жууркандар жумасына бир жолудан кем эмес алмаштырылышы керек. Бирок көп адамдар муну унутуп, бир айга чейин жүрө беришет. Бул ден соолукка көп зыян алып келет. Бул тууралуу Доктор Питер басылмасы билдирди.

Экзема

Теринин кычышып, кургап, жарылып кетиши бул оору менен жабыркагандар үчүн оор болот. Ал эми кир шейшептер бул абалды күчөтүшү мүмкүн.
Нью-Йорк университетинин доктору Сабрина Фелсондун айтымында, адам бир күндө дээрлик миллион өлүк тери клеткасын жоготот. Алардын көбү уктап жатканда же жөн эле төшөктө жатканда кабыгы сыйрылып түшөт.
“Бул чаң кенелери үчүн эң сонун тамак, алардын тезеги аллергияга же экзема күчөшүнө алып келет”, — деген доктор.

Пневмония

Шейшеп кайда, пневмония кайда деп ойлошуңуз мүмкүн. Бирок пневмония стафилококк бактериялары менен шартталганын тастыктаган изилдөөлөр бар. Ошондуктан шейшепти дайыма таза кармоо — төшөктү ар кандай бактериялардан арылтат.

Безетки (Акне)

Безеткилер көбүнчө бетте, далыда же жана көкүрөктө болушу мүмкүн. Анын үстүнө, бул сөзсүз эле өткөөл курактагы оору эмес. Адам бул оору менен 30 жашында да жабыркайт.
Дерматологдордун айтымында, гигиенаны сактабагандык, анын ичинде кир жаздык каптар жана шейшептер бул абалды күчөтүшү мүмкүн. Мунун себеби — төшөктө жашаган стафилококк бактериялары. Андыктан, тери көйгөйүңүз болсо жаздык каптарын жок дегенде 2-3 күндө бир жолу, шейшеп менен жууркандарды жумасына бир жолудан кем эмес алмаштыруу керек.

Астма

Астма ооруса адатта адамдын бала чагында пайда болот. Бирок ал чоң кишилерде да пайда болушу мүмкүн. Анын келип чыгыш себептеринин бири — айланадагы чаңдын тынымсыз болушу. Анын ичине көптөн бери алмаштырылбаган төшөктөгү чаң кенелери да кирет. Астма диагнозу коюлган адамдар үчүн кир керебет кырдаалды ого бетер курчутат.
Ысык душка түшүп жаткан аял. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.05.2021
Ысык сууга түшүүнүн кооптуу жагы айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0