Нью-Делиде G20 өлкөлөрүнүн ТИМ жетекчилери Украинадагы абалды талкуулайт

© AFP / MONEY SHARMAАдам Нью-Делиде G20 катышкан өлкөлөрдүн желектерин орнотуп жатат
Адам Нью-Делиде G20 катышкан өлкөлөрдүн желектерин орнотуп жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2023
Жазылуу
Индияда Блинкен менен Россия делегациясынын жолугушуусу паландалбагандыгын РФ ТИМ башчысынын орун басары Сергей Рябков мындан мурдараак билдирген.
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Индиянын борбор калаасында G20 өлкөлөрүнүн ТИМ жетекчилеринин жолугушуусу өтүп жатканын РИА Новостинин кабарчысы билдирди.
Буга чейин Индия ТИМ башчысынын орун басары Винай Кватра Украина G20 мамлекеттери сүйлөшкөн негизги темалардан болорун айткан. Тышкы ведомстволордун жетекчилери Украинадагы абалдын дүйнөгө жана башка өлкөлөргө тийгизген таасири боюнча сөз кылмакчы.
Расмий бөлүктүн башталышына чейин биринчилерден болуп Германиянын ТИМ башчысы Анналена Бербок келген. Андан бир сааттай кийин конгресс-борборго "Жыйырмалыктын" калган катышуучулары чогула баштады. АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен европалык, британиялык дипломатиянын жетекчилери Жозеп Боррель, Жеймс Клеверли бир учурда келишкен.
Коноктордун соңкусу Россия ТИМинин башчысы Сергей Лавров болду. Кечээ ал G20 айдыңында индиялык, түркиялык, бразилиялык кесиптештери менен жолуккан. РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарованын айтымына караганда, Кытай ТИМ жетекчиси Цинь Ган менен жолугушуу пландалган, бул анын министрлик кызматтагы алгачкы көрүшүүсү болмокчу.
Ал эми Блинкен менен Россия делегациясынын жолугушуусу паландалбагандыгын РИА Новостиге РФтин тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков мындан мурдараак билдирген. Мамлекеттик департамент да Блинкендин Лавров менен кездешүүсү белгиленбегендигин тастыктап, мамлекеттик катчынын россиялык, кытайлык министрлер катышкан сессияга кирерин билдиришкен. Мындай позицияны айткан Германия ТИМи Лавровдун катышканы үчүн жолугушуу форматтарынан баш тартпай тургандыгын айтышкан.
Кытайдын желеги менен экрандын жанында турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кытай украин кризисин чечүүнүн принциптерин сунуштады. АКШнын жообу
Жаңылыктар түрмөгү
0