Президентти кошоматчылар бузат. Иманалиев Түлөбаев менен кайым айтышты. Видео

© Фото / пресс-служба ЖКБилим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиев. Архив
Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2023
Жазылуу
Депутат министр болчу Иманалиевди Ысык-Көлдүн аксакалдарына азыр да кайрылып коюшун сунуштаган.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Кыргызстандын саясатында президентти кошоматчылар бузат. Бул туурасында билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиев парламентте билдирди.
Депутат Балбак Түлөбаев ал президенттик шайлоо учурунда атаандашы Садыр Жапаров тентектик кылып жатканын айтып, Ысык-Көлдүн акскалдарына "алып кеткиле балаңарды" деп билдирүү жасаганын эске салды.
Эми министр болуп жаткандыктан Ысык-Көлдүн аксакалдарына азыр да кайрылып коюшун сунуштады.
Андан соң экөө кайым айтыша кетти:
Иманалиев: — Аксакалдар коомунун төрагасы Эмил Каптагаев менен да, эң кызыгы, буга чейин Садыр Нургожоевич менен да сүйлөшкөнбүз. Ал экөөбүз 10 жыл депутат болуп чогуу иштешкенбиз. Жапаров менен да, Ысык-Көлдүн аксакалдары менен да бир дагы маселем жок.
Ортодон чыга калып президентке айрыкча кошомат кылам, көрүнөм дегендер бар. Андайлар болгон, боло берет. Мага ишенип чоң тармакты бергени президенттин кек сактап таарынбаганынын, мамлекеттин кызыкчылыгын бийик койгонунун белгиси. Эң сонун жоопту мен эмес Садыр Жапаров берди.
— Убагында сиз Каптагаевге кайрылган эмессиз да. Шайлоо убагында Көлдүн аксакалдарына, Садыр Жапаровго...
— Сиз саясатташтырбаңыз...
— Шашпай туруңуз, сиз депутат эмессиз, мен депутатмын. Аткаруу бийлигине бараткан киши катары сабырдуу болуңуз.
— Мен сабырдуумун, сиз тема боюнча суроо бериңиз!
— Каныбек Капашович, сиз чоң тармакты башкарганы баратасыз. Убагында Ысык-Көл элине кайрылгансыз, мен ошол элден шайланып келген депутат катары сизден "азыр аксакалдарга эмне деп кайрылат элеңиз" деп сурап жатам. Жаман айттымбы?
— Президент жооп берди. Мен ага комментарий бербейм.
— Мен президентке эмес, сизге кайрылып жатам.
— Сиз улам эле саясатка буруп жатасыз. Кыргызстандын президенттерин ар дайым кошоматчылары бузуп келген. Биз ошолордон президентибизди коргошубуз керек. Мен ошолордон коргоюн деп баратам.
— Эми мен күнөөлүү болуп калдымбы?.. Мен начар экенмин, мейли... Сиз коргоп бериңиз мындан ары, сизге тапшырдым. Рахмат, ишиңизге ийгилик!
Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2023
Бет барбы силерде?! Депутат президентти тегерегиндегилер уят кылып жатканын айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0