Бишкекте өлтүрүлгөн үй-бүлө: милиция жаңы жагдайларды айтып берди

© Фото / пресс-служба МВДКылмышка шектүү 36 жаштагы А.Ч.К.
Кылмышка шектүү 36 жаштагы А.Ч.К. - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.02.2023
Жазылуу
Ногойбаев шектүү жана өлтүрүлгөндөрдүн бири мас болгонун билдирген.
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Азамат Ногойбаев мындан бир нече күн мурда киши колдуу болгон үй-бүлөнүн окуясы боюнча жаңы жагдайларды айтып бергенин АКИpress жазды.
Эскерте кетсек, 16-февраль күнү кечинде 5-кичи райондогу батирлердин биринде 51 жаштагы аял жана анын 17 жаштагы кызы менен жашы жете элек уулу киши колдуу болгон. Милиция бул кылмышка шектүү катары 36 жаштагы А.Ч.К. аттуу эркек кишини колго түшүргөн.
Ногойбаев эркек киши менен аялдын мас экенин, бул экспертизанын жыйынтыгынан анык болгонун айткан. Батирден бөтөлкөлөрдү табышкан. Чатак үч адамдын өмүрүнүн кыйылышы менен аяктаган.
Бишкек милициясынын жетекчисинин айтымына караганда, эркек киши мурда соттолгон эмес, дене тарбиянын мыктысы, ЖКнын депутаты болуу үчүн шайлоого катышкан, күрөш менен машыгып келген.

"Кошуналар эмерек жылдырылгандай үн, буюмдардын кулаганын, кыйкырыкты укканы менен ага маани берген эмес. Кыз терезеден секиргенде автоунаанын сигнализациясынын добушу да угулган. Жарандарды мындай учурларда кайдыгер болбой, реакция кылып, өз учурунда маалымдоого чакырам. Үйдүн жашоочулары ызы-чуу туурасында үй комитетинин жетекчисине кеч кабарлашкан. Ал эртеси иштен келгенден кийин камераны кечинде карап, андан соң участкалык милицияга билдирген. Ал келип, баарын көрүп, нөөмөтчүгө жана ӨКМге кабарлаган. Батирдин эшигин ачып, үйдүн ичинен өлүктөрдү табышкан", — деп айтып берген Ногойбаев.

Шектүүнү камерадан таанышкан. Аны өзүнүн батиринен табышканда эркек киши ашыкча аракеттерди жасаган эмес, өзүн кадыресе алып жүргөн.
Камак. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.02.2023
Бишкекте үч адамды өлтүрүүгө шектелген кишинин бөгөт чарасы тандалды
Жаңылыктар түрмөгү
0