Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Медведев цивилизациянын Россиясыз токтоп каларын айтты

© Sputnik / Екатерина Штукина / Медиабанкка өтүүРоссиянын Коопсуздук кеңешинин башчысынын орун басары Дмитрий Медведев. Архив
Россиянын Коопсуздук кеңешинин башчысынын орун басары Дмитрий Медведев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.02.2023
Жазылуу
Медведев Москванын душмандары Киев режимине курал-жарак берүүнү улантып, сүйлөшүүлөрдүн кайрадан жаңылануусуна жаралчу мүмкүнчүлүктөрдү жок кылып жатканын белгиледи.
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Россиянын жашашы тууралуу сөз жүрсө, ал бардык цивилизациянын мындан аркы өкүм сүрүп, уланып кетиши боюнча маселе менен чогуу каралат. Бул тууралуу Россиянын Коопсуздук кеңешинин башчысынын орун басары Дмитрий Медведев айтты.
"Эгерде Россиянын өзүнүн жашап кетиши туурасында олуттуу маселе көтөрүлсө, ал Украина чатагында эмес, адамзат цивилизациясынын мындан ары да уланып кетиши боюнча маселе менен биргеликте чечилет. Мында эч кандай эки жактуу ой болбошу керек. Россиясыз дүйнөнүн бизге кереги жок. Батыш Россияны СССР сымал "көөмп" коём деген кооптуу иллюзияны сактап алган. Тарых ураган империя өзү менен бирге жарым дүйнөнү, андан да көп бөлүгүн ала кетерин көрсөтүп келет", — деп айтылган Медведевдин "Известия" басылмасындагы макаласында.
Анын пикирине караганда, Украинадагы атайын операция "Батыштын баш-аягын карабай долуланышын жана РФти талкалап салуу боюнча тынчтык бербеген каалоосун" жаратты.
"Россиянын душмандары Киевдин неофашисттик режимине курал-жарак берүүнү улантып, сүйлөшүүлөрдүн кайрадан жаңылануусуна жаралчу мүмкүнчүлүктөрдү жок кылып жатат. Алардын койгон максаты бардыгы (өздөрү) үчүн утулушта экенин билип туруп, бирок аны моюнга алуудан баш тартышууда. Россия мындай сценарийге жол бербейт", — деген РФтин Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары.
Ал Батыш мамлекеттери жана анын союздаштары Жердин жашоочуларынын болгону 15 пайызын гана түзөрүн эске салган.
Медведев Россиянын сабырдуулук коштогон эбегейсиз күчү жана анын өнөктөштөрүнүн бедели тынчтыкты сактоонун кепилдиги экендигин белгилеген.
Россия лидери Владимир Путин. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2023
Путин: Батыштын көздөгөнү — Россияны майда бөлүктөргө бөлүү
Жаңылыктар түрмөгү
0