Астанада АКШ мамкатчысы Борбор Азиянын тышкы иштер министрлери менен жолугат

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүАстанадагы "Астана-Байтерек" монументи. Архив
Астанадагы Астана-Байтерек монументи. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2023
Жазылуу
Жыйында регионалдык кызматташтыкты жана АКШ менен өнөктөштүктү өнүктүрүү маселелери каралат.
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Казакстанга биринчи ирет расмий сапары менен келет. Бул туурасында Sputnik Казакстан өлкө ТИМине таянуу менен жазды.
"28-февралда президент Касым-Жоомарт Токаев Астанада Блинкенди кабыл алат. Ошондой эле тышкы иштер министринин орун басары Муктар Тлеуберди менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт", — деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, ушул эле күнү Блинкен Борбор Азия жана АКШнын тышкы саясий ведомство башчыларынын С5+1 форматындагы жолугушуусуна катышат. Анда регионалдык кызматташтыкты жана АКШ менен өнөктөштүктү мындан ары өнүкүтүрүү маселелери каралары белгиленди.
Евробиримдиктин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.02.2023
Коопсуздукту бетке кармап. РФ ЕБдин Борбор Азиядан маалыматты кантип аларын айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0