Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Россия лидери Украинага Батыштын куралдары келсе кандай жооп болорун айтты

© Фото / U.S. Marine Corps / Pfc.Sarah PysherHIMARS менен артиллериялык машыгуу учурунда жоокер. Архив
HIMARS менен артиллериялык машыгуу учурунда жоокер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2023
Жазылуу
Россия башчысынын айтымында, Украина режими бүгүнкү күндө улуттук эмес, үчүнчү өлкөлөрдүн кызыкчылыгын коргоп жатат.
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Президент Владимир Путин Украинага алыскы аралыкка атылуучу куралдар келе турган болсо жооп катары кандай кадам жасаларын айтты.
Белгилей кетсек, бүгүн, 21-февралда, Россиянын президенти Федералдык жыйынга кайрылуу жасап жатат.
"Украина режими бүгүнкү күндө улуттук эмес, үчүнчү өлкөлөрдүн кызыкчылыгын коргоп жатат. Батыш Украинаны Россияга каршы таран жана полигон катары колдонуп жатат. Бир жагдай баарына түшүнүктүү болушу үчүн айтып коёюн, Украинага Батыштын алыскы аралыкка атылуучу куралдары канчалык көп келсе, биз коркунучту өз чек арабыздан алыстатууга ошончолук мажбур болобуз. Бул кадыресе көрүнүш", — деди Россиянын башчысы.
Анын айтымында, Россиянын согуш талаасында жеңүү мүмкүн эмес. Ал ошондой эле Россия Батыш баштаган согушту токтотуу үчүн күчүн колдонуп жатат.
Украинанын желеги тартылган баш кийимди көтөрүп бараткан аскер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФ лидери: Украинадагы чырдын чыгышына толугу менен Батыш элитасы жоопкер
Жаңылыктар түрмөгү
0