Бишкекте автобустун жаңы каттамы ачылды

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкектеги жаңы автобустар
Бишкектеги жаңы автобустар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Борбор калаанын ичинде №19 каттам менен автобус жүрө турган болду. Бул туурасында мэриядан билдиришти.
Жүргүнчү ташуучу транспорт Ак-Ордо конушунан Кустанай көчөсүнө чейин 36,6 чакырым жүрөрү айтылды. Каттамга чыккан 11 автобустун интервалы 10 мүнөттү түзөт.
Бүгүн эртең менен Кытайдан сатып алынган жаңы 120 автобустун 50сү линияга чыкты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2023
Бишкекте 50 жаңы автобус каттамга чыкты
Жаңылыктар түрмөгү
0