https://sputnik.kg/20230221/batysh-ukrainaga-150-mlrd-dollar-korottu-1073043042.html
Путин: Батыш Украинаны курал менен жабдууга 150 миллиард доллар коротту
Путин: Батыш Украинаны курал менен жабдууга 150 миллиард доллар коротту
Sputnik Кыргызстан
Бир нече күндөн кийин Россиянын Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо боюнча баштаган атайын операциясына бир жыл болот. 21.02.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-02-21T16:26+0600
2023-02-21T16:26+0600
2023-02-21T19:03+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
украина
владимир путин
россия
батыш
жардам
видео
https://sputnik.kg/img/07e7/02/15/1073043242_0:102:2860:1711_1920x0_80_0_0_a61ef9d3c14c9c8134354b47066d799b.jpg
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Федералдык жыйынга жасаган билдирүүсүндө Батыштын Украинага жардам көрсөтүү максаты эмнеде экенин айтты.Ал Россия адам өмүрүн жана өз үйүн коргоп жатканын, ал эми Батыштын максаты чектөөсүз бийлик жана таасир экенин белгиледи.Ошондой эле ал АКШнын дүйнөнүн ар кайсы жерлеринде жүздөгөн аскердик базалары бар экенин баса белгиледи. Ал эми Америка чыгарган согуштардын кесепетинен 2001-жылдан бери 900 миң адам каза таап, 38 миңден ашууну качкын болуп калганын эскертти."Мунун баарын алар азыр адамзатынын эсинен жөн гана өчүрүп салууга аракет кылууда. Эч нерсе болбогондой түр көрсөтүшүүдө. Бирок дүйнөдө эч ким унуткан жок, унутпайт дагы", — деди Путин.РФ лидери Украин кризисин тынчтык жолу менен чечкенге аракеттенгенин, бирок көшөгө артында такыр башка сценарий даярдалганын белгиледи. Батыштын Донбасста тынчтыкты сактоо аракети карандай калп болуп чыкканын айтты.Эске салсак, бир нече күндөн кийин Россиянын Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо боюнча баштаган атайын операциясына бир жыл болот. Тагыраагы, атайын операция 2022-жылдын 24-февралында башталган.
https://sputnik.kg/20230221/putindin-federaldyk-zhiyynga-kayryluusu-1073029327.html
украина
батыш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/02/15/1073043242_129:0:2860:2048_1920x0_80_0_0_cfc43ea6ef5665432657f611d4fef4e0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, украина, владимир путин, россия, батыш, жардам, видео
дүйнөдө, украина, владимир путин, россия, батыш, жардам, видео
Путин: Батыш Украинаны курал менен жабдууга 150 миллиард доллар коротту
16:26 21.02.2023 (Жаңыртылды: 19:03 21.02.2023) Бир нече күндөн кийин Россиянын Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо боюнча баштаган атайын операциясына бир жыл болот.
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Федералдык жыйынга жасаган билдирүүсүндө Батыштын Украинага жардам көрсөтүү максаты эмнеде экенин айтты.
Ал Россия адам өмүрүн жана өз үйүн коргоп жатканын, ал эми Батыштын максаты чектөөсүз бийлик жана таасир экенин белгиледи.
"Алар киевдик режимге көмөк көрсөтүүгө жана курал менен жабдууга 150 миллиард доллар коротту. Салыштыруу үчүн айтсак, Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун маалыматы боюнча, "Жетиликке" кирген өлкөлөрдүн кедей мамлекеттерге 2020-2021-жылдары берген жардамы 60 миллиард доллардай болгон. Түшүнүктүү болдубу? Согушка 150 миллиард, ал эми ар дайым кам көрүп жатабыз деген кедей өлкөлөргө 60 миллиард. Жакырчылыкка каршы күрөшүү, туруктуу өнүгүү, экология жөнүндө айткан сөздөрү кана? Анын баары кайда кетти?", — деп суроо салды Россия лидери.
Ошондой эле ал АКШнын дүйнөнүн ар кайсы жерлеринде жүздөгөн аскердик базалары бар экенин баса белгиледи. Ал эми Америка чыгарган согуштардын кесепетинен 2001-жылдан бери 900 миң адам каза таап, 38 миңден ашууну качкын болуп калганын эскертти.
"Мунун баарын алар азыр адамзатынын эсинен жөн гана өчүрүп салууга аракет кылууда. Эч нерсе болбогондой түр көрсөтүшүүдө. Бирок дүйнөдө эч ким унуткан жок, унутпайт дагы", — деди Путин.
РФ лидери Украин кризисин тынчтык жолу менен чечкенге аракеттенгенин, бирок көшөгө артында такыр башка сценарий даярдалганын белгиледи. Батыштын Донбасста тынчтыкты сактоо аракети карандай калп болуп чыкканын айтты.
"Алар согуш чыгарышты, биз аны токтотууга күчүбүздү жумшап жатабыз. Донбасс, Донецк жана Луганскиде жаңы чабуулдарды жасоону пландап жатканын таасын түшүнүп турганбыз, кийинки максаты Крым жана Севастополь болгон. Биз аны билип жатканбыз. Азыр ачык эле айтып, далилдеп жатышпайбы", — деди Путин.
Эске салсак, бир нече күндөн кийин Россиянын Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо боюнча баштаган атайын операциясына бир жыл болот. Тагыраагы, атайын операция 2022-жылдын 24-февралында башталган.

21 Бирдин айы 2023, 15:05