Россиянын ЖОЖдорунда окууга документ тапшыруу мөөнөтү узартылды

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүЖогорку окуу жайына документ тапшыруу. Архивдик сүрөт
Жогорку окуу жайына документ тапшыруу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.02.2023
Жазылуу
Окууга тапшырууну каалагандар Бишкектеги “Русский дом” борборунда шаршемби күндөрү онлайн же офлайн консультацияларды алса болот.
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Россиянын жогорку окуу жайларына окууга документтерди тапшыруу мөөнөтү берилген квотанын алкагында 2023-жылдын 20-мартына чейин узартылды. Бул тууралуу Бишкектеги “Русский дом” борборунан билдирди.
Россиянын жогорку окуу жайларынан билим алууну каалагандар сайтка education-in-russia.com катталып, окуу багытын жана адистикти тандап, керектүү документтерди жүктөшү керек.
Кыргызстандыктар окууга тапшыруу тууралуу кененирээк маалыматты Бишкектеги “Русский дом” борборунун сайтынан ала алышат.
Ошондой эле +996(312) 30-05-43 номери аркылуу же abiturient@kgz.rs.gov.ru. электрондук почтасы аркылуу байланышууга болот.
Студенттер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2023
Россия көркөм өнөр багытындагы окуу жайларынан бюджеттик орундарды берүүдө
Жаңылыктар түрмөгү
0