Түркия: зилзала болгон жерде жүргөн министрдин бут алдында жарылуу болду. Видео

© AFP / BULENT KILICТүркиядагы жер титирөөдөн кыйраган үйдүн жанында жанып жаткан от
Түркиядагы жер титирөөдөн кыйраган үйдүн жанында жанып жаткан от - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Түркиянын зилзала болгон жерине барган саламаттыкты сактоо министри урандылардын жанында медиктер менен сүйлөшүп турганда бут алдынан жарылуу жаңырган.
Бул туурасында Sputnik Түркия өзүнүн Telegram-каналына жазды.
"Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа медицина кызматкерлери менен сүйлөшүп турганда мештеги көмүр жарылып кеткен", — деп айтылат маалыматта.
AHaber телеканалынын билдиргенине караганда, министр жабыркаган эмес.
2023-жылдын 6-февралында магнитудасы 7,7 жана 7,6 болгон зилзала эки ирет тогуз саат аралык менен Түркиянын түштүк-чыгышында болгон. Түркия лидери Режеп Тайип Эрдогандын айтымында, бул 1939-жылдан берки эң катуу зилзала болду. Соңку маалыматтар боюнча, жаратылыштын бул кырсыгынан 35 миңден ашуун киши каза тапты.
Түркиядагы жер титирөөдөн кыйраган турак-жай - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.02.2023
Түркияда зилзаладан кийин он миңдеген үйдү түрттүрмөй болушту
Жаңылыктар түрмөгү
0