Кыргызстанда “Славян базары” сынагына мыкты таланттар тандалат. Шарт-талабы

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүЫрчы Бек Исраилов “Славян базары” сынагында. Архив
Ырчы Бек Исраилов “Славян базары” сынагында. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2023
Жазылуу
Жеңүүчү 2023-жылдын 9-11-июлунда Витебск шаарында өтө турган сынакта Кыргызстандын атынан катышууга мүмкүнчүлүк алат.
БИШКЕК, 13-фев. – Sputnik. Витебскиде (Беларусь) өтө турган “Славян базары” конкурсуна мыкты таланттарды тандоо боюнча улуттук сынакка катышууну каалагандар жандуу үн менен аткарган чыгармасын 25-февралга чейин онлайн жөнөтүшү керек. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин сайтына жарыяланды.
Маалыматка караганда, XXI эл аралык “Витебск – 2023” балдар музыкалык сынагына улуттук тандоо турун өткөрүү укугун быйыл “Арт Булак” коомдук фонду алган. Фонддун директору – КР эмгек сиңирген артисти Гүлнара Тойгонбаева.
Улуттук тандоо туру эстрадалык ыр жанрындагы таланттуу жаш аткаруучуларды аныктайт, анын жеңүүчүсү 2023-жылдын 9-11-июлунда Витебск шаарында өтө турган сынакта Кыргызстандын атынан катышууга мүмкүнчүлүк алат.
Улуттук тандоо туруна катышуу шарттары:
– 8 жаштан 14 жашка чейин;
– эл аралык, республикалык же облустук сынактарда жана фестивалдарда өзүнүн ийгиликтерин көрсөтө алган, концертке жана фестивалдарга катышууга тажрыйбасы бар балдар;
– Кыргыз Республикасынын жараны;
– эки ыр аткарат: кыргыз тилиндеги эстрадалык ыр, сынактын катышуучусу тандаган, анын аткаруучулук чеберчилигин жана артисттик жөндөмүн айкын чагылдырган эстрадалык ыр.
Катышуу үчүн 25-февралга чейин алдын ала онлайн-тандоодон өтүү керек. Сынактын ырларын жандуу үн менен аткарган видеону +996 705445522 WhatsApp же Telegram номерине жөнөтсө болот.
Онлайн-тандоодон өткөндөр гана 2023-жылдын 4-мартына чейин улуттук тандоо турга катышуу үчүн билдирме беришет жана каттоо акысын төлөшөт.
Улуттук тандоо туру 2023-жылдын 12-мартында Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын концерттик залында өтөт.
Билдирме “Арт Булак” коомдук фондунун art_bulak@mail.ru электрондук почтасына жөнөтүлүшү керек. Сынактын жобосу, билдирменин формасы жана сынак боюнча башка кошумча маалыматты 996 705 44 55 22 телефону аркылуу алса болот.
Жаш канат элдик хореографиялык ансамбли  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.07.2022
"Жаш канат" бий ансамбли "Славян базары" сынагында 2-орунду алды
Жаңылыктар түрмөгү
0