Түркияда кыргызстандык куткаруучулар кош бойлуу келинди урандыдан аман алып чыкты

© Фото / пресс-служба МЧС КРТүркияда иштеп жаткан Кыргызстандык куткаруучулар
Түркияда иштеп жаткан Кыргызстандык куткаруучулар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2023
Жазылуу
Келиндин алты айлык боюнда бар экени маалым болду.
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Кыргызстандык куткаруучулар Кахраманмараш шаарында 22 жаштагы кош бойлуу келинди аман-эсен куткарып алышты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлады.

Алар аталган шаардын "Баалыжан" районунда иштеп жаткан. Кечки 19:21 чамасында 22 жаштагы кош бойлуу келин аман-эсен куткарылды. Кыргызстандык куткаруучуларга эле эмес, бүтүндөй түрк элине кубаныч тартуулаган окуя бүгүн, 11-февралда, издөө иштери учурунда болду”, — деп айтылган маалыматта.

Урандылардын алдынан алып чыккан келиндин алты айлык боюнда болгону маалымдалды.
Хантай шаарында иштеп жаткан куткаруучулар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.02.2023
Түркиядагы зилзаладан кыргызстандык келиндин каза тапканы тастыкталды
Жаңылыктар түрмөгү
0