Бишкекте жаш аткаруучулардын сынагы өтөт. Катышуунун жол-жобосу

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүСкрипкада ойноп жаткан бала. Архив
Скрипкада ойноп жаткан бала. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.02.2023
Жазылуу
Конкурс үч номинацияда жана үч жаш курактагылар үчүн болору айтылды.
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Орус композитору жана пианисти Сергей Рахманиновдун 150 жылдыгына карата "Приношение русской музыке" деп аталган сынак Бишкек шаарында 20-31-мартта өтөт. Бул туурасында "Русский дом" билдирди.
Ага 6 жаштан 20га чейинки курактагы аткаруучулар: балдардын музыкалык мектебинин окуучулары, атайын орто окуу жайларынын, чыгармачыл ЖОЖдордун студенттери жана КМШ өлкөлөрүнүн жаш музакынттары катыша алат.
Сынак үч номинацияда жана үч жаш курактагылар үчүн болмокчу:
фортепиано;
кылдуу музыкалык аспаптар;
үйлөмө жана урма аспаптар.
Лауреаттарга эстелик байгелер жана дипломдор тапшырылат. 14-19 жаштагы мыкты аткаруучу Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн атайын байгеси менен сыйланат. Ал аны менен катар эле "Здравствуй, Россия!" деп аталган билим берүүчү экскурсиялык сапардын катышуучусу болот.
Аталган жарышка катышууну каалагандар 1-мартка чейин арызын берсе болот. Аны толтуруу эрежелерин бул жободон окуп-билип алса болот. Сынакка катышуу акысыз. Байланыш телефондору: (0555) 31-53-12 (Сатылганова Венера Абакуловна).
Сынактын медиаөнөктөшү — Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу.
Кыргыз улуттук консерваториясынын студенти Кубанычбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.12.2022
Кыргызстандык Москвада өткөн "Романсиада" сынагында жеңүүчү болду
Жаңылыктар түрмөгү
0